KELECHEK

Министр: Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин абалы жакшы

Министр: Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин абалы жакшы

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин абалы жакшы экенин билдирди.

Бул тууралуу министрдин кеңешчиси Елена Баялинова маалымдады. Министрдин айтымында, тогуз медкызматкердин ичинде санитар, тамак ташыгыч, кир жуугучтар да бар.

“Бул кызматкерлер биринчи чекте турушту. Биз алардын бардык муктаждыктарын камсыз кылганга аракет кылдык. Учурда өзүн жакшы сезип жатышат, клиникалык белгилери жок. Тыкыр көзөмөлгө алынууда”, - деди Абдыкаримов.

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов коронавируска чалдыккан бейтаптар менен иштеп жаткан медицина кызматкерлеринде илдет жуктуруу тобокелдиги жогору экенин белгиледи. Министр учурда дарыгерлерди коргоодо бардык чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, кесиптештерин сак болууга чакырды.

Учурда Кыргызстанда коронавирус менен тогуз дарыгер ооруп жатканы аныкталды. Тогуз медкызматкердин ичинен жетөө Жалал-Абад облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто. Өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти. Илдет жуккандардын ичинен бирөө кайтыш болду. Тогуз адам айыгып чыкты.

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкектик дарыгер Дубайдан «Алтын виза» алды

Бишкектик дарыгер Дубайдан «Алтын виза» алды

Чынара Жантөшева.

Бириккен Араб Эмираттарында дарыгер болуп эмгектенген журтташыбыз Чынара...

ДЕН СООЛУК 2020-06-02  12:45

Бир суткада коронавирус 69 адамдан табылды, көбү Бишкекте

Бир суткада коронавирус 69 адамдан табылды, көбү Бишкекте

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 69 адам жаңы...

ДЕН СООЛУК 2020-06-01  11:18

Үсөнбаев: Кыргыз-түрк ооруканасы ачылат, ал жакка коронавирус...

Үсөнбаев: Кыргыз-түрк ооруканасы ачылат, ал жакка коронавирус...

Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу.

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасына коронавируска...

ДЕН СООЛУК 2020-06-01  11:42

Тажикстанда коронавирус жуктургандар 3900дөн ашты

Тажикстанда коронавирус жуктургандар 3900дөн ашты

Тажикстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 3930 адамга жетти. Бул тууралуу 31-майда өлкөнүн...

ДЕН СООЛУК 2020-06-01  11:53

Коронавирус бир суткада 12 медицина кызматкеринен табылды

Коронавирус бир суткада 12 медицина кызматкеринен табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан дагы 12 медициналык...

ДЕН СООЛУК 2020-06-01  12:00

Армения премьер-министри коронавирус инфекциясын жуктуруп алды

Армения премьер-министри коронавирус инфекциясын жуктуруп алды

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу ал...

ДЕН СООЛУК 2020-06-01  20:28

Жарадар жоокерди Москвага жеткирүү маселеси каралууда

Жарадар жоокерди Москвага жеткирүү маселеси каралууда

Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон кыргыз жоокерине Москвадан операция жасатуу маселеси...

ДЕН СООЛУК 2020-05-26  17:07