KELECHEK
rek

«Үмүт» кыймылы референдум боюнча демилгени артка чакыртууну сунуш кылды

«Үмүт» кыймылы референдум боюнча демилгени артка чакыртууну сунуш кылды

Кыргызстандын Баш мыйзамы.

«Үмүт 2020» кыймылы Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевди Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун артка чакыртууга үндөдү. Бул тууралуу аталган кыймыл 3-апрелде билдирүү таратты. Анда өлкөнүн бир катар аймактарында өзгөчө абал киргизилген шартта референдум жөнүндө демилгени коомдук талкууга чыгаруу туура эмес экени айтылат.

Ошондой эле кыймылдын мүчөлөрү Кыргызстандын калкы 2010, 2016-жылдары өткөн референдумда эки ирет парламенттик башкарууну колдоп добуш бергенин жана дагы бир ирет аны элге алып чыгууга муктаждык жок экенин белгилешкен.

Буга байланыштуу «Үмүт 2020» депутат Зулушевди референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун артка чакырып алууга чакырууда.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек.

Өлкөнүн бир катар аймактарында коронавирус илдетинен улам өзгөчө абал жарыяланган шартта мындай демилгенин талкууга чыгышы талаш жараткан.

Депутат мыйзам долбоору өз демилгеси экенин жана башкаруу системасын жарандар аныкташы керек экенин билдирди.

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53