KELECHEK
rek

Исаков дистанттык окутуу боюнча онлайн жыйын өткөрдү

Исаков дистанттык окутуу боюнча онлайн жыйын өткөрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 6-апрелде шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттарынын директорлору, билим берүүнүн облустук координаторлору менен дистанттык билим берүүгө акыркы даярдык боюнча онлайн конференция өткөрдү.

Анда министр аткарылып жаткан акыркы иштер боюнча маалымат, электрондук ресурстар боюнча түшүндүрмө берди. Жетекчилерди сунушталган каражаттар менен гана чектелбей, өз алдынча изденүүгө чакырды.

«Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы керек. Биз даярдап жаткан видеосабактар 20 мүнөттөн болот жана темага байланыштуу минималдуу билим берет. Мугалимдер окуучулар менен байланышып, алардын суроолоруна жооп берип, теманы бышыктап, тапшырмаларды бериши керек. Эң башкысы - окуучуларга жакшы мамиле жасалып, ийкемдүү жадыбал түзүшүңөр зарыл», - деди министр.

Исаков мындай кырдаалда мугалимдерди ар тараптан колдоого алуу зарыл экенин эскертти.

Онлайн жыйында министрдин орун басары Надира Жусупбекова мектепке чейинки даярдоо жана 1-11-класстар үчүн видеосабактардын телеканалдардагы жадыбалы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 8-апрелден тартып IV чейректин сабактары КТРКнын «Баластан» (1-4-класстардын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин «Илим Билим» (5-11-класстын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида» каналдарынан, 5-каналдан эфирге берилет.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт. Мындан тышкары «Альфа телеком» же Мегаком» байланыш компаниясы сунуш кылган «МЕГА 24» тиркемесинде жайгаштырылат.

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30