KELECHEK
rek

Тарых – тактыкты талап кылат! (ФОТО)

Тарых – тактыкты талап кылат! (ФОТО)

Бүгүн Апрель элдик революциясына 10 жыл болду. Мына ушул окуя өлкөбүздүн соңку тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ болуу менен анын тарыхый мааниси зор болуп саналат. 2010-жылдын 7-апрелинен баштап 14-майга чейин Жалал-Абад облусунда болгон окуялардын хроникасын окурмандарга сунуш кылабыз.

2010-жылдын 7-апрелинде саат 12ден баштап Бишкекте болуп жаткан кандуу окуяларга тынчсызданган эр жигиттер тобу Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун жанындагы “Жаннета” кафесине чогула баштаган. Бул боюнча Сузак районунун тургуну, 2010-жылдын 7-апрелинен 14-апрелине чейин элдик губернатор болуп облусту башкарып турган Асан Шакиров жана элдик кошундун башчысы Эмил Мурзаканов билдиришти. Асан Шакиров 2002-жылы Аксы окуясындагы жөө жүрүшкө чыккан аксылыктарды коштоп жүргөн жана 2005-жылы Жалал-Абад шаарындагы элдик ыңкылапка активдүү катышкан. Ал эми Эмил Мурзаканов 2005-жылы 24-мартта болуп өткөн элдик ыңкылапта “Жаңы кадам” элдик кыймылынын төрагасы болгон. Жогорудагы эки инсан тең 2005-жылдагы элдик ыңкылапка жигердүү катышып, көпчүлүк эл менен кандай иштей тургандыгын билип калышкан. Ошол себептен, аларды кафеге чакырышкандыгын өздөрү сөздөрүндө белгилеп кетишти.

“Жаннета” кафесине топтолгон атуулдар 7-апрелде саат 16дан 17ге чейинки аралыкта Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын короосуна барышкан. Аларды Жалал-Абад облустук бийлигинин укук, тартип бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечелов баш болгон 5-6 адам тосуп чыгышкан. Облустук бийликке келген 20га жакын жарандар өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу кандай аракеттер боло тургандыгын сурашып,  Кадыр Бечеловду губернатордун милдетин аткарып берүүнү өтүнүшкөн. Бечелов мамлекеттик кызматкер болгондуктан, бул милдетти аткаруудан баш тарткан, бирок убактылуу губернатордун биринчи орун басары болуп иштеп берүүгө макулдугун берген. Ал эми облустук бийликке келгендер облус губернаторунун милдетин аткаруучу катары Асан Шакировду көрсөтүшкөн.

2010-жылдын 7-апрели, саат 17лер чамасында Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масиров келет. Асан Шакиров ага өз милдетин аткара берүүсүн, автоунаасын да колдонуп, эч кандай коркпостон иштей берүү сунушун айтат. Кечки саат 21лер чамасында облустук мамадминистрацияга Каныбек Бакиев 20га жакын туугандары жана бир топ куралданган жигиттер менен губернатордун кабинетине киришет. Каныбек Бакиев: “Балдар эмне себептен силер мындай кылып жатасыңар! Бул кылганыңар туура эмес!”, - деген нааразычылыгын билдирет. Бишкектен “Ак үйдөн президент К.Бакиев чыгып кетти” деген кабар келгенде эки тарап ортосунда кагылышуу болуп кете жаздап, Бакиевдин тарапташтары облустук бийликти таштап чыгып кетишет.

2010-жылдын 7-апрелинен 8-апрелге оогон мезгилде губернатор Кошбай Масиров ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кеткен арызын жазып берип, облустук бийликтен чыгып кетет. Координациялык кеңеш түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, ал жерде өз каалоолору менен облустук бийликти колго алып, коомдук тартипти көзөмөлдөп, саясий кырдаалды курчутпай кармап калуу максатындагы атуулдар калышат.

2010-жылдын 8-апрелинде эртең менен саат 10:00 болгондо  Жалал-Абад шаарынын “Эркиндик” аянтына 200гө жакын адам топтолду. Ал жерде топтолгон элдин алдында КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков жана облустагы координатору Батыр Абдыразаков Бишкекте Убактылуу өкмөт түзүлгөнүн, Топчубек Тургуналиевдин келишин күтүп жатышканын айтты. Алар элди Убактылуу өкмөттү колдоого үгүттөп кетишти. Ошентип, митинг жанданып, улам-улам элдер агылып келе баштады. Нурбек Касымбеков КСДПнын шарфын тагынып алгыла деп 4-5 адамга таркатып берди. Митингке келгендердин саны кескин көбөйүп, анда сүйлөгөндөр ар кандай багытта болуп жатты. СДПК деген шарфты тагынып алып, саат 10го жакын Анархан Жаңыбаева миңдеген адамдардын алдында “Бишкекте кан төгүлдү! Бүткүл дүйнөгө уят болдук. Курманбек Бакиев элдин талабын угуп койсо ушул окуялар болбойт эле. Эми түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй, Кыргызстанды сактап калалы!” – деген сөзүн сүйлөдү. Андан ары сөз алгандар Бакиевдин иниси Акмат Бакиев жергиликтүү ишкерлерди кысымга алып жаткандыгын, бир туугандары бийликти каалагандай калчашкандыгын айтышты. Ал митингке келгендердин арасында Бакиевдин туугандары, жактоочулары да басымдуу болуп, ОБОН аялдар тобу Бакиевге каршы чыккандарга кол салып жатышты. Ошондой эле, элдик губернаторлукка Бектур Асановду, Камчыбек Ташиевди, Асан Шакировду көрсөтүштү.

2010-жылдын 8-апрелинде Эркиндик аянтындагы митинг учуру.

Мтингде мурдагы облус губернатору Кошбай Масиров сөз сүйлөп, Курманбек Бакиевди коргоо комитетин түзүп, Убактылуу өкмөткө баш ийбей тургандыгын 5 миңге жакын элдин алдында жарыя кылды. Ошондой эле, Бакиевдин жактоочулары да Убактылуу өкмөттү тааныбай тургандыктарын айтып жатышты.

Саат 10:30дан өткөндө мурдагы депутат, өзбек маданий коомунун төрагасы Кадыржан Батыров миңдеген тарапташтары менен митингке келип, улуттар аралык ынтымакты сактап калуу боюнча сөз сүйлөдү. Анын балдары куралданып алгандыгын байкап калышкандыктан улам, чыр чыгып кетүү коркунучу күчтүү эле. Батыров балдары менен саат 10:22лер чамасында Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын короосуна кирүү аракетин жасашты. Аларды Координациялык кеңештин мүчөсү Шакир ажы Тайчабаров чоң дарбазанын үстүнө чыгып туруп “Бул жакка кирбегиле, мыйзамды сактайлы! Элибизге тынчтык керек!” - деп токтотуп калды. Ошентип алар облустук бийликке кирбей, кайра кетишти.

Саат 10:22:52де журналист Анархан Жаңыбаева “Ү-FM Москва” радиосуна Жалал-Абад шаарында ошол учурда болуп жаткан окуялар боюнча түз эфир аркылуу маалымат берген. "Мурдагы депутат, өзбек маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыров өзүнүн тарапташтары менен облустук бийликке киребиз деп аракет жасап жатышат. Аларды Шакир ажы Тайчабаров киргизбей, токтотууда. Митингде Бакиевдин келээри айтылууда. Мурдагы губернатор Кошбай Масиров “Бакиевди коргоо комитетин” түзгөндүгү жөнүндө" маалыматтар берилген. Ошондой эле, Жалал-Абад шаарындагы ошол учурдагы окуялар боюнча маалыматтар “Интерфакс”, “АКИпресс”, “Кабар” маалымат Агенттиктерине жана башка ЖМКларга А.Жаңыбаева тарабынан ыкчам жана байма-бай телефон аркылуу берилип турган. Себеби, бул күнү облустагы кыргыз тилдүү облустук “Акыйкат” гезити, ЖТР телеканалы бул күндөгү окуялар боюнча толук кандуу чагылдырышкан эмес. РИВ “Взгляд”, “Жалалобод тонги” гезиттери алгачкы күндөрдөгү окуялар боюнча маалыматтарды окурмандарга жеткирүүгө аракет жасашкан.

"Жалал-Абад тонги" гезити, 2010-жыл, апрель.

Саат 11ге жакын митинг уланып жатты, ал эми Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында губернатордун иш бөлмөсүндө 19 адамдан турган облустук Координациялык кеңештин алгачкы жыйыны болуп, анын төрагасы болуп облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров шайланган.

Жалал-Абад облустук Координациялык кеңештин мүчөлөрү:

  1. Асан Шакиров- Элдик губернатордун милдетин аткаруучу;
  2. Кадыр Бечелов- Элдик губернатордун биринчи орун басары;
  3. Адыш Кочкоров- Координациялык кеңештин төрагасы;
  4. Эмил Мурзаканов- Элдик кошундун төрагасы;
  5. Бектур Асанов – 14.04.2010-ж. Губернатор болуп шайланган;
  6. Максат Женбеков- Координациялык кеңештин жооптуу катчысы;
  7. Шакир ажы Тайчабаров
  8. Анархан Жаңыбаева
  9. Шайыр Ажыматов
  10. Максат Абдукаимов
  11. Тагайбек Жаркынбаев
  12. Илич Нарматов
  13. Эрмек Мырзабеков
  14. Орозалы Сартбаев
  15. Каныбек Тилекеев
  16. Акматали Темишов
  17. Мурат Жусупов
  18. Медер Үсөнов
  19. Бактыбек Иманкулов

2010-жылдын 8-апрелинде түштөн кийин Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында облустук  Координациялык кеңештин алдындагы убактылуу облус губернаторунун милдетин аткаруучу Асан Шакировдун биринчи орун басары Кадырбек Бечелов массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда облустагы саясий кырдаал боюнча маалымат жыйын өткөргөн.

Ал өз сөзүндө мурдагы губернатор Кошбай Масиров өз арызын жазып кызматынан кеткендигин, 19 кишиден турган облустук Координациялык кеңеш түзүлүп, убуактылуу губернатордун милдетин Асан Шакиров аткарып жаткандыгын, өзү анын биринчи орун басары катары коомдук-саясий кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгына токтолгон.

- Бүгүнкү күндөгү  биздин облусубуздагы абал канааттандырарлык. Тагыраак  айтканда, облусубуздун Токтогул,  Аксы жана Базар-Коргон райондорунда  бийликти  колго алып эл эч кандай тартип бузууларга жол берген эмес, ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы абал тынчсызданууну туудурбайт. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарындагы бардык окуу жайлар, мектептер, бала бакчалар жана мекеме-уюмдар өз иштерин кадимкидей эле жүргүзүшүүдө. Ошондой эле, дээрлик бардык айыл  аймактарынын башчылары өз орундарында  иштеп жатышат. Болгону айрым район-шаар жетекчилери өз каалоолору менен тагылган милдетти аткаруудан баш тартышкан. Алардын милдетин аткарууга ыкчамдык менен тийиштүү адамдар дайындалууда. Мындан тышкары улуттар аралык биримдикти чыңдоо, маанилүү обьектилерди кайтарууну күчөтүү жана түрдүү мыйзам бузууларга жол бербөө максатындагы тийиштүү иштер аткарылууда, - деп билдирген Бечелов.         

Кадырбек Бечелов өз сөзүндө элдин мынчалык толкуп, бийликти колго алуусуна Талас, Нарын жана борборубуз Бишкек шаарларындагы жүз берген окуялардын себепчи болгондугуна кеңири токтолгон. Анткени, нааразычылык акциясына чыккаңдарга, карата ок атуулар болуп, 86 адамдын өмүрү кыйылган.

Массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен  болгон жыйынга катышышкан облустун прокурору Абдыганы Шерипбаев ички иштер башкармалыгынын башчысы Т.Эгембердиев жана Координациялык кеңештин төрагасы Адыш Кочкоровдор облусубуздун аймагындагы кырдаалды туруктуу кармоо үчүн  элдик кошундар түзүлүп алар милиция кызматкерлери менен биргеликте түнкүсүн да бардык жерде тартипти кармап, ошондой эле ооганчылар менен ардагерлер да өз демилгелери мелен аларга көмөкчү болуп жатышкандыгына токтолушкан.

Ал эми облус прокурору убактылуу кармоо жайларындагыларга карата козголгон кылмыш иштерин кароо процесстерин тездетүү үчүн соттор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Маалымат жыйында облустагы абалды жөнгө салып, эл үчүн камкордук көрүүнү Координациялык кеңеш өз колуна алгандыгы, бардык маселелерди эл менен чогуу-чаран талкуулап алуу максатында 10-апрель күнү элдик курултай өткөрүү белгиленгени айтылган. Журналисттер милиция кызматкерлери көчөдө көрүнбөй жатканына тынчсыздануусун билдиришкен. Ага жооп кылып, Бечелов милиция граждандык кийим менен жүргөндүгүн, аларды өз формасын кийип жүрүүсү керектиги боюнча эскертүү берилгендигин да айтып кеткен.

2010-жылдын 9-апрели Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп, ага шаардын активи да катышты. Мурдагы шаар мэри Тиллек Акамбаев ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткендиктен, Медер Үсөнов шаар мэринин милдетин аткаруучу болуп убактылуу дайындалды. Ал өз сөзүндө коомдук аймактык башкармалыктарда тартипти сактоо менен шаарда тынчтыкты орнотууга аракет жасаарын билдирген. Шаарда талап-тоноочулукту болтурбоо максатында элдик кошун түзүлгөн. Элдик кошунга каалоочулар жазылып, милиция менен биргеликте шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн иштей турган болушту.

2010-жылдын 9-апрели, кечки саат 17-18дер чамасы Жалал-Абад облустук администрациясынын кичи жыйындар залында координациялык кеңештин мүчөлөрү жыйын куруп, губернаторду шайлоо маселесин талкуулашты. Губернаторду шайлоо боюнча 10-апрелде боло турган элдик курултай 14-апрелге жылдырылды.

9-10-апрель күндөрү миңдеген адамдардын катышуусунда Бишкекте 7-8-апрелде өткөн окуяда курман болгондорду эскерип аза күтүү митинги болуп, алардын арбактарына багышталып куран окуу каадасы облустун бардык район-шаарларында өткөрүлдү.

2010-жылдын 12-апрели Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу Тейит айылына качкын президент Курманбек Бакиев саат 10:00го журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрөт деп Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу “Мезгил үнү” гезитинин редактору Абдумуктар Исраилов телефон аркылуу чакырууну таркатты.

2010-жылдын 12-апрели, Сузак районунун Тейит айылы.

12-апрель саат 10:00дө качкын президент К.Бакиев чет элдик жана жергиликтүү 10дон ашык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө интервью берип, андан кийин короодогу чоң боз үйгө аксакалдар менен жолугушуу үчүн кирип кетти. Ал бийликтен кетпей тургандыгын, убактылуу Сузактан туруп өлкөнү башкара тургандыгын айтты. Ушул мезгилде журналист Анархан Жаңыбаевага Бакиевдин тарапташтары кол салып, ур-токмокко алынып, колундагы телефонун тартып алган учурда, аны Каныбек Бакиев токтотуп, Жаңыбаеваны короодон сыртка чыгарып коюшту.

Бул учурда Бакиевдерге тиешелүү болгон үй штабга айланып, бардык министрлер, жергиликтүү жетекчилер, аксакалдар, ОБОНдор ошол жерге топтолушкан экен.

12-апрелде түштөн кийин облустук ЖТР телеканалы аркылуу Тейит айылындагы Бакиевдин пресс-конфренциясын жана андагы болгон окуяллардын баарын комментарийи жок эфирден кетиришкен. Ошол күнү Тейит айылында болгон окуяларды Бакиевдердин өтүнүчү менен оператор Маматкадыр  Маматалиев тартып берген. Облустук ЖТР телеканалын Бактыкан Ажымаматова жетектеп турган. Бакиевдин журналисттерге берген интервьюсу, ал жердеги болгон аксакалдар менен сүйлөшүүсү, пресс-конференциясы эфирден берилген. Бул көптөгөн көрармандарды түшүнбөстүккө алып келген. Ал комментарийи жок берилген берүүдө журналист А.Жаңыбаеваны Бакиевдин тарапташтары ур-токмокко алып жатканы да көрсөтүлгөн.

2010-жылдын 12-апрели КР Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасы Роза Отунбаеванын УӨ №23 12.04.2010-ж. Тескемесине ылайык, Абдылдаев Сталмамбет Кыдынович Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

2010-жылдын 13-апрели эртең мененки саат 10до Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтына президент Курманбек Бакиев өзүнүн жан сакчылары, бир туугандары Жаныш Бакиев, Акмат Бакиев жана башкалардын коштоосунда 5 миңге жакын топтолгон элдин алдына келип сөз сүйлөдү. Анда “Бакиеди коргоо комитетинин” төрагасы, мурдагы губернатор Кошбай Масиров жана башка колдоочулары Убактылуу өмөт мүчөлөрүн Бишкектеги кандуу окуяга күнөөлөп сөз сүйлөштү. Бакиев өз сөзүндө элдин сөзүн угуп, алардын талаптарын аткарып койбогонун, уулу Максим кичинесинен эле бизнеске кызыккандыгын, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү 7-апрелдеги болгон кандуу окуяларга себепчи экендигин, анын иш бөлмөсүнө сырттан ок атылгандыгын, “элге карата ок аткыла!” деп буйрук бербегендигин айтып актанды. Бул митинг 12ге чейин уланып, көпчүлүк эл Бакиевдин сүйлөгөн сөзүнөн кийин эле таркай башташты.

2010-жылдын 14-апрели эртең менен саат 9дар чамасында Жалал-Абад шаардык мэриясына Асылбек Таштанбеков 30га жакын аялдар, жаш балдар тобу менен барып, шаардын мэринин милдетин аткаруучу Медер Үсөновдун иш бөлмөсүнө кирип, Ж.Бакиев атындагы экологиялык парктан жер участокторун бөлүп берүүнү талап кылышкан. Ал талапты Медер Үсөнов аткаруудан баш тартканда, анын иш бөлмөсүн басып алышкан. Үсөнов өз каалоосу менен аларга каршылык көрсөтпөстөн, иш бөлмөсүн таштап чыгып кеткен.

Мэриянын кызматкерлерине жаш балдар тобу жаңы мэр болуп Асылбек Таштанбеков дайындалганын билдиришкен.

Асылбек Таштанбеков мурун шаардык мэриянын аппарат жетекчиси болуп иштеген. Алар мэрдин иш бөлмөсүнөн чыкпай, 16-апрелге чейин отурушкан.

2010-жылдын 14-апрели эртең менен саат 10до Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында Координациялык кеңештин уюштуруусу менен өтө турган элдик курултайга келгендер эми баштайын дегенде Бакиевдин тарапташтары чыр чыгарып, эки жаат болуп уруш чыккан. Анда келгендер аянтты таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Район-шаарлардан келген делегаттар Барпы театрынын алдында курултайды улантышып, Жусуп Жээнбековду облус губернаторлугуна сунушташкан. Бирок, бул жерде да Бакиевчилер келип, сөз талашып, чыр чыгара башташканда, курултайды Базар-Коргон районунда өткөрүү чечими кабыл алынып, делегаттар унаалары менен ошол жакка карай бет алышкан.

14-апрель күнү түш болуп калган маалда саат 13төр чамасында Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген эки миңге жакын делегаттардын катышуусунда курултай өз ишин баштады. Анда эки талапкер өздөрү жөнүндө тааныштырышты. Бири 7-апрелден баштап элдик губернатордун милдетин аткаруучу болуп иштеп келе жаткан Асан Шакиров, экинчиси Жогорку кеңештин экс-депутаты, экс-губернатор Жусупжан Жээнбеков. Экөө тең өздөрүнүн платформаларын, өмүр баянын айтышты. Ошол учурда Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров курултайга келип сөз сүйлөп, “Мага ишенесиңерби?” деген соболду узатты. Андагылар Бекназаровго ишене тургандыктарын билдиришти. Ошондо ал: “Мага ишенсеңер, мен силерге иштеп кете турган талапкерди губернаторлукка сунуштайм. Ошол адамды колдоп бергиле!”, – деди. Анан Бекназаров Жалал-Абад облусунун губернаторлугуна Бектур Асановду көрсөттү. Курултайга келгендер бир добуштан облус губернаторлугуна Бектур Асановду колдоп, шайлап беришти.

Курултайда Базар-Коргон райондук кеңешинин төрагасы Арапбай Жолдошев сөз сүйлөп, Курманбек Бакиев мыйзамдуулукту сактап, элди көп кыйнабай, элдин алдында кечирим сурап, арызын жазып берип кетсин!” – деген талабын билдирди. Аны курултайдын катышуучулары колдоого алышты. Азимбек Бекназаров “Нан улук – нан уруп кетсин!” деген сөздөрдү айтуу менен жаңы шайланган губернатор Б.Асановду менен Базар-Коргон районунун акими Кубат Артыковду, Аксы районунун акими Кадыралы Өмүрбековго эл алдында таза, адилет иштейбиз дедиртип ант бердиртти.

Ошондой эле, Бекназаров Жалал-Абадда милицяи кызматкерлери өз милдеттерин жакшы аткарбай жатышкандыктарын эскертип, алардын район-шаарлардагы жетекчилерин алмаштыруу керектигин баса белгилеп кеткен.

14-апрель түштөн кийин Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары Женбеков Максат Беккелдиевич дайындалып, аны облустук губернатор болуп жаңы эле шайланган Бектур Асанов шаардык кеңештин депутаттарына, шаар активине тааныштырган. Депутаттар колдоого алышкан. Максат Женбеков мэрлик кызматка чейин Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасын жетектеп келген. Өзү шаарга караштуу Тайгараев айылында 1968-жылы туулган. 2010-жылдын 7-апрелинен баштап облуста түзүлгөн Координациялык кеңештин катчылык милдетин аткарып турган.

2010-жылдын, 14-апрели. Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залы..

2010-жылдын 15-апрели КР Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасы Роза Отунбаеванын ВП№79 15.04.2010-ж. Тескемесине ылайык, Асанов Бектур Жантороевич Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын-губернатордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

2010-жылдын 15-апрели эртең менен 10:30да Курманбек Бакиев тарапташтары менен Ош шаарына барып, эл менен жолгушуусу ойдогудай болбой, ал жерден кагуу жеп келди. Ошол күнү кечки саат 18:50-18:55 минута өткөндө Жалал-Абад аэропортуна самолёт келип конду. Ал эми саат 19:20да качкын президент Курманбек Бакиев самолёт менен Казакстанга учуп кетти. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, АКШ президенти Барак Обама, Россия президенти Дмитрий Медведев, ОБСЕ өкүлдөрү, Курманбек Бакиев менен сүйлөшүп, өлкөдөн чыгып кетүү чечимине келишендигин массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

15-апрель, 2010-жыл. Ош шаары.

2010-жылдын 16-апрели Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын-губернатордун милдетин аткаруучу Асанов Бектур Жантороевич облустагы массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда Бектур Асанов облусубуздагы ошол кездеги кырдаал жана алдыда аткара турган иш аракеттери боюнча кенен маалымдап, журанлисттер тарабынан берилген суроолорго жоопторду берген. Ошондой эле, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин кызмат орундарында иштей берүүлөрүнө токтолуп, жагдайга жараша зарыл болгон учурда айрым жетекчилердин алмашуулары мүмкүн экендигин белгилеген.

2010-жылдын 17-апрели Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын алдында облустагы милиция кызматкерлери митингке чыгышкан. Алардын суроо-талабын угуу үчүн КР Ички иштер министринин орун басары Бакытбек Алымбеков жана Жалал-Абад ОИИБнын начальниги Адильбек Ботобаев келишкен. “Милиция – саясатчылардын колундагы курал эмес!” – дешип, милиция кызматкерлери өз нааразычылыктарын жаадырышкан. Бир аздан кийин КР Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов да митингке чыккан милиция кызматкерлери менен жолугушкан. Тартип сакчылары тарабынан бир нече талаптар коюлган. Алардын негизгилери айлык маянаны 25 миң сомго чейин жеткирүү, социалдык жактан колдоого алуу, турак-жай маселелерин чечүү, 6-7-апрелде Таласта болгон окуяларда Жалал-Абаддан барган милиция кызматкерлери да жаракат алышкан. Ал митингде жаркат алгандарга конпенсация төлөп берүү маселеси коюлган. Бул талаптарды аткаруу өтө оор экендигин айткан Болот Шерниязов ден соолугуна байланыштуу, оставкага кетиши мүмкүндүгүн жарыя кылган.

2010-жылдын 18-апрелинде Жалал-Абад облустук бийлигин материалдык резервди жетектеп турган Пайзулла Рахманов өзүнүн тарапташтары менен басып алган. Талапкерлери тарабынан өзүн губернатор деп жарыялаган. Облустук ИИБнын начальниги болуп Кубаныч Төрөбаев отурган. Бул учурда губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асанов Бишкекке жыйынга кеткен. Рахманов облустук мамадминистрациянын кызматкерлерине 19-апрелде Аппараттык жыйын өткөрүүгө да жетишкен. Журналисттерди маалымат жыйынга чакырган. Бакиевдин тарапташтары тарабынан Эркиндик аянтына эки боз үй тигилип, ал жерде күндө керели-кечке митинг уланып, бекер тамак-аштар берилип турган. Көбүнчө ал жерде ОБОН аялдар тобу болушкан.

2010-жылдын 21-апрель күнү облустун район-шаарларынан миңдеген адамдар келишип, борбордук Эркиндик аянтындагы Бакиевдин тарапташтары жана ОБОН аялдар менен тирешип, ал жердеги эки боз үйдү бузушуп, өзүн губернатор атап алган П.Рахмановду тарапташтары менен бирге облустук администрациядан кууп чыгышкан. Элдик кошундун балдары Нооруз кафесинен 2 снайперди кармап алып, милицияга өткөрүп беришкенин Координациялык кеңештин мүчөсү Шакир ажы Тайчабаров билдирген. Бирок, кийин аларды милиция “өздөрүн коргонуп отургандар экен” – деген шылтоо менен бошотуп жиберишкендиги белгилүү болгон.

21-апрель, 2010-жыл. Жалал-Абад шаары. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн колдоочулар менен бакиевчилердин  ортосундагы кагылышуу учуру.

Мына ушул факты боюнча облустук прокуратура тарабынан КР КЖКнин 233-статьясы массалык тартипсиздик, 295-ст. бийликти күчкө салып тартып алуу, же бийликти күч менен кармап туруу статьялары боюнча кылмыш иштери козголгон.

2010-жылдагы шаар прокурору Б.Жаанбаевтин айтымында, бул оор жана өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет. Фактынын негизинде бир кылмыш иши козголгон. Облустук, шаардык прокуратуранын жана шаардык, облустук ички ИИБнын, улуттук коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте тергөө тобу түзүлүп, аны Башкы прокуратунанын тергөө тобу жетектеген. «Тергөө учурунда Каныбек Бакиев, Акмат Бакиев, П.Рахманов, К.Төрөбаевке көрсөтүлгөн статьялар менен айыптары сырттан угузулуп, шаардык сот тарабынан баш коргоо чарасын аларды камакка алуу жөнүндө санкция берилген. Бүгүнкү күндө издөө жарыяланган. Ички иштер органдарына жана улуттук коопсуздук башкармалыгына аларды кармоо жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырмалар берилген»,- деп шаар прокурору Б.Жаанбаев 2010-жылы маалымат берген

.

"Акыйкат" гезити, 2010-жыл, апрель айы.

2010-жылдын 27-апрелдеги КР Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасы Роза Отунбаеванын  Тескемелери менен бир нече райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары-акимдер жана шаарлардын мэрлери милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

2010-жылдын 12-майында Жалал-Абад шаардык прокуратурасына Жалал-Абад облустук мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио уктуруу компаниясынын башкы директору Э.Каимовдун ушул эле жамааттын техникалык тобунун кызматкерлери жана айрым журналисттери мыйзамсыз иш таштап жаткандыгы тууралуу кайрылуусу келип түшкөн.

Шаардык прокуратура тарабынан аталган кайрылуунун негизинде ЖТРКда текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүдө телерадиокомпаниянын 26 кызматкери КР Эмгек Кодексинин талаптарын бузуп, мыйзамсыз иш таштоо жарыялагандыктары аныкталган. ЖТРдин профсоюз уюмунун жетекчиси Арстанбек Якубов болгон. Текшерүү учурунда иш таштоо токтотулуп, жумушчулар өз жумуш орундарына чыгышкан.

2010-ЖЫЛЫ 13-МАЙДА саат 17де Жалал-Абад облусунун губернаторунун социалдык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген Дамира Алимжанова (27-апрель, 2010-жылга чейин иштеген) 300гө жакын адамдарды ээрчитип облустук администарцияга чоң дарбаза аркылуу эч кандай тоскоолдугу жок кирип келишти. Дамира Алимжанова губернатордун орун басары болуп мурда иштегендиктен ал жердеги сакчылар темир дарбазаны өздөрү эле ачып беришти. Бул учурда облустук бийликте социалдык бөлүмдүн башчысы, адистери  бакиевчилерди короодон тосуп алышты. Алар туура эле имаратты ичине кирип, баары үстүңкү кабатка карай жөнөштү. Губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асанов бакиевчилердин курчоосунда калды. Короодо Асановду бир топ ОБОН аялдар жулмалап, балдар ургулап жатышты. Имараттын сыртында милиция кызматкерлери тизилип турушту, бирок бул учурда аларга эч кандай реакция жасашкан жок. Облустук бийликтин айланасында көптөгөн адамдар бул окуяга көз салып карап турушту. Ошентип, бакиевчилер кайрадан 13-май күнү кечинде Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын имаратын басып алышып, элдик губернатор деп мурдагы Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масировту отургузушту.

Ушул эле күнү кечки саат 18дерде облустук ЖТР телеканалын да мурдагы жетекчинин орун басары Тынычбек Мамаев, профсоюз уюмунун жетекчиси баш болгон кызматкерлер тобу тарабынан басып алышып, ЖТРдин эфиринен Курманбек Бакиевдин элге кайрылуусу, анын кызматтан түштүктөн болгону үчүн кетиришкендиги боюнча актануу сөздөрү түнү менен берилип жатты. Биз ЖТРге телефон чалганда, кабылдамадагы телефонду  Т.Мамаев алган. 

2010-ЖЫЛЫ 14-МАЙДА ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КАНДУУ ОКУЯ БОЛУП ӨТТҮ

13-майда кечинде Бакиевдин тарапташтарынын облустук бийликти басып алуусунан, ЖТР аркылуу Бакиевдин интервьюларынын берилишинен улам 14-майда эртең менен саат 10до шаардагы массалык тартипсиздик улантылды. Облустук бийликти басып алган бакиевчилерге каршы митинг өткөрүү үчүн Эркиндик аянтына облустун аймагынан келе жаткан 2,5 миңдей Убактылуу бийликтин жактоочуларын Ленин көчөсү менен Эркиндик көчөсүнүн кесилишинде бакиевчилер токтотуп, аларды таяк, таш менен уруп, качып бара жаткандарды артынан автомат менен атышкан. Мунун кесепетинен эки тарап кагылышып, 2 адам каза болуп, 26 адам жабыркап, 12не ок тийип облустук ооруканага жаткырылган.

Эртең мененки кагылышуудан кийин бакиевчилер Ленин көчөсү менен Эркиндик көчөсүнүн кесилишинде, Убактылуу өкмөттүн жактоочулары 500дөй метр алыстыкта Ленин көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде түшкү саат 15ке чейин өз ара акмалашып турушту. Эки тарап тең таштарды үйүп коюшкан. Түштөн кийин саат 15.те кайрадан бакиевчилер тарабынан ок жаңырып, кара түстөгү эки иномарка автомашинасы Ленин көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде турган Убактылуу өкмөттүн 1,5 миңдей жактоочуларына келип токтоп, автомат менен аткылап, зуулдаган бойдон кетип калышты. Андан кийин, Токтогул көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишиндеги мурдагы «Чолпон» бут кийим фабрикасынын үчүнчү кабатынын терезесинен снайпердин оту жаңырып, бей күнөө адамдар октон жарадар болуп жатышты. Жарым саатка жетпеген мезгилде 6 адамды тез жардам машинасы жана жеңил машиналар ооруканага алып кетишти. Снайпер турган жердин айнектерине эркектер таш менен уруп, ал имаратка кирүүгө аракет кылышты. Имараттын биринчи кабатына «Финансы кредит банкынын» жана коммерциялык паспорт берүүчү бөлүм жайгашкандыктан, эшиктери бекем болуп, имараттын ичине кире алышпады. Андан кийин, ЖАМУнун, «Байчечекей» балдар бакчасынын имаратынан да снайперлер элге каратып ок атып жатышты.

Эки саатка жакын снайпердин огунан тажаган элдерге автоматтар таркатылды. Чыдамы кеткен эл автоматтарды колго алышып, бакиевчилерге каршы ок атып, аларды 10 минутага жетпеген аралыкта облустук бийликтин имаратынан кууп чыгышты. Элге каратып ок атып жаткан бир снайпер жарадар болуп жаткан жеринен кармалып, аны тез жардам машинасы ооруканага алып кетти. Снайпердин чөнтөгүнөн чоң суммадагы акча табылганы айтылган.

Жалал-Абадшаарынын прокурору Баймурза Жаанбаевтин берген маалыматына караганда, 14-майдагы массалык тартипсиздиктен шаарда эки тараптык кагылышуу болуп, Жалал-Абад шаарынын тургундары: 1971-жылы туулган Бердибек Курмаев башына тийген октон жана 29 жаштагы Жакшылык Козуев көкүрөк клеткаларына тийген октон каза болушкан. Андан сырткары, жалпы 65 адам Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына жана Сузак райондук борбордук ооруканасына кайрылышкан. Жарадар болгондордун ичинен 35 адам ок атуучу куралдан жаракат алышса, 30 адам ооруканаларга жаткырылып, 33 адам амбулатордук дарыланган. Эки адамдын жарааты оор болгондуктан, вертолет менен Бишкек шаарына дарылануу үчүн жөнөтүлгөн. Булардын ичинен көпчүлүгү 30 жашка чейинки жаштагылар болсо, 50-60 жаштан жогоркулар 4-5 гана адамды түзгөн.

Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын азыркы учурдагы берген  маалыматы боюнча, 2010-жылы 14-майдагы окуяда 2 адам каза болуп, 67 адам жабыркап, 10 адам ооруканада жаткан, 57 адам амбулатордук дарыланган, 39 адамга ок тийген.

2010-ЖЫЛЫ 13-14-МАЙДА УЮШТУРУЛГАН МАССАЛЫК ТАРТИПСИЗДИК БОЮНЧА АЧЫЛГАН КЫЛМЫШ ИШИ

Жалал-Абад шаарынын прокурору (2010-жылдагы) Баймурза Жаанбаевтин берген маалыматына караганда, облустук прокуратура тарабынан 19-21-апрелде жана 13-14-майда Жалал-Абад шаарында болгон окуялар боюнча маасалык тартипсиздик жана бийликти күчкө салып тартып алуу, атайын киши өлтүрүү, саламаттыкка атайлап оор залал келтирүү статьяларынын негизинде кылмыш иштери козголуп,тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Ал эми 13-май күнү облустук прокуратура тарабынан Бакиевтин жактоочулары тарабынан Жалал-Абад шаарында массалык тартипсиздик жана бийликти күч менен тартып алуу боюнча кылмыш иши козголгон. 14-майдагы окуя боюнча КРнын КЖКнин 97-статьясы атайлап киши өлтүрүү, 104-статья саламаттыкка атайлап оор залал келтирүү боюнча кылмыш иштери козголгон.

- 15-майда Кара-Көл шаарынан Кошбай Масиров Жалал-Абад облустук прокуратурасына сурак кылуу үчүн алып келинген. Сурак берген. Мурдагы мамлекеттик жооптуу кызматкерлер да сурак беришкен. Ошол 13-14-майдагы массалык тартипсиздик боюнча видео тасма тартылган. Тасмада көрүнүп турган ошол окуянын активдүү катышуучулары аныкталып, прокуратурага алынып келип, суралышкан. Тергөө учурунда элдерден ИИБ тарабынан 4 ок атуучу курал ок-дарылары менен алынып, тийиштүү экспертиза дайындалган,-деген Б.Жаанбаев (18.05.2010).

Ошентип 13-14-майда Жалал-Абад шаарында болгон окуялар боюнча маасалык тартипсиздик жана бийликти күчкө салып тартып алуу кылмыш иши сотко өтүп, мурдагы губернатор Кошбай Масиров, анын орун басарлары: Айбекжан Акбаров, Дамира Алимжанова жана “Ак жол” саясий партиясынын облустагы координатору Абдималик Бектемиров эки жылга шарттуу кесилишкен. Ал окуяга катышкан бир нече ОБОН аялдар да шарттуу кесилишкен. Негизги уюштуруучулары качып кеткендиктен, аларга издөө жарыяланып, алардын иши кылмыш иштен бөлүнгөн.

Сөз соңунда айтаарым, 2010-жылдын 14-апрелинде болгон кандуу окуяда эки тарап тең жабыркап, ооруканаларга жатышкан. Бирок, кийин укук коргоо органдары да, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да медициналык экспертизаны жакшы окубастан эле, жабырлануучу деп тергөөчү тарабынан токтом чыгарылган. Кээ биринде “жабырлануучу” деген токтому жок болсо да жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аларга  материалдык жардамдарды, батирлерди бөлүп беришип, жыйындарда ошол адамдарды сүйлөтүп, “Апрель элдик революциясынын баатыры” төш белгисин берилди.

Эми кеч болсо да, 2010-жылы 14-майда жабыркадым дегендерди кимиси облустук бийликти басып алууга катышкан, кимиси аны бошотууга барып жабыркаган, кимиси жөн эле башка жерде жабыркаганын тактап коюу керек. Себеби, тарых – тактыкты талап кылат! Бул хрониканы жазууда 2010-жылы апрель, май айларындагы өзүм катышып, көргөн окуялар боюнча жазылган мааалыматтардан жана ошол жылы чыккан “Акыйкат”, “Жалалобод тонги” гезиттеринин облустук архивдеги материалдарынан, РИВ “Взгляд” гезитине чыккан макаладан пайдаландым.

Бул хроника кыргыз улуттук илимдер Академиясынын тарых институтунун өтүнүчү менен түзүлдү.

Хрониканы түзгөн: Апрель элдик революциясынын баатыры, журналист Анархан Жаңыбаева.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24