KELECHEK
rek

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир постту жабууну пландап жатат

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир постту жабууну пландап жатат

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир өткөрмө бекетин жабуу маселесин караштырып жатат. Бул тууралуу 12-майда Жогорку Кеңеште маалымат берген вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Ал депутат Таабалды Тиллаевдин суроосуна жооп берип жатып «тажик тарап сүйлөшүүгө келбей койду» деп айтуу туура эмес болорун, экономикалык ыкманы колдонуп, чек араны жапса кыргыз тарап өз жарандарына көбүрөөк зыян келтирип аларын, бирок бир пост боюнча маселе каралып жатканын айтты:

«Экономикалык рычагдын убактысын биз өткөрүп жибердик. Муну ачык айтышыбыз керек. Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы экономикалык алака жакшы болуп, азыр ортосунда 16 чек ара өткөрмө пункту иштеп жатат. Бирок Согди облусу боюнча кандайдыр бир деңгээлде бизге көз карандылык бар. 2-3 күндө «Кайрагач» постун толук жапканга барабыз. Алар өзүлөрү да коронавируска байланыштуу кат жөнөткөн. Азыр бир постту жапканга барабыз, бирок «Кызыл-Белди» толук жапканды эл аралык нормаларга ылайык карашыбыз керек».

Депутат Тиллаев кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча ишин сынга алып, Тажикстан менен чек араны жабууну сунуш кылган:

«Биздин кошуналар көнбөсө, анда биз чечкиндүү кадамдарга баралы. Товар жүгүртүү бир жылда болгону 27 млн. доллар болду. Анын 18% гана Тажикстанга импорт. Аны түшүнбөсө, менин сунушум – чечкиндүү кадамдарга баралы. Чек араны толук жабалы. Сүйлөшүүлөр бүткүчө бир жылбы, эки жылбы, шылтоо айта бербей, конкреттүү кадамга баралы. Же Тажикстандан бир нерсе күтүп жатабызбы?».

8-майда Баткенде чек ара окуясында жарадар болгон үч жоокер 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген. Үчөө тең Улуттук госпиталга жаткырылган. Көкүрөгүнө ок тийген экөөнүн абалы канааттандырарлык экени, ал эми омурткасына ок тийген аскердин абалы оор экени, ал реанимацияда жатканы кабарланган.

Тажик тарап бул окуядан эки жараны жараат алганын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41