KELECHEK
rek

Байланыш агенттигинин мурдагы директору 12-июлга чейин камалды

Байланыш агенттигинин мурдагы директору 12-июлга чейин камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында 12-июлга чейин кармалмай болду. Бөгөт чарасы тууралуу маселе бүгүн каралганын «Азаттыкка» райондук сот кабарлады.

Черногубова Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында шектүү катары кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, сотко чейинки териштирүү быйыл 7-апрелде башталган. Черногубованы 12-майда Аскер прокуратурасы менен УКМКнын биргелешкен мекеме аралык тергөө тобу кармаган.

Ал «уюк байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып байланыш операторунун лицензиясын стандарттарды өзгөртүү менен мыйзамдарды бузуп кайра каттаган» деп шек саналууда.

Кылмышка шектүү тарап азырынча комментарий же башка маалымат бере элек.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53