KELECHEK

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

2020-жылдын 10-март күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарына караштуу талаада А.А. аттуу жаранды Б.Б. жана анын кылмыштуу шериктери Д.У., А.Т. жана башка тергөөдө өздүгү аныктала элек шериктери менен “Сен зонанын акчаларын жеп коюпсуң” деп көптөп урушуп, денесине жараат келтиришкен. 

Аталган факты Сузак РИИБдин КЖБРне КР Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү соттук-медицианалык жана башка экспертизалар дайындалган.

Бул фактынын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин опер кызматкерлерине тергөө тапшырмасы берилип, анын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, КР ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Сузак районунун тургуну 1975-ж.т. Б.Б. кармалып, Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 2 айга камакка алынды. Калган шериктерин жоопко тартуу боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Издөөдө жүргөн шектүү кармалды

2020-жылдын 8-мартынан 9-мартка караган түнү 02:00 чамаларында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын...

Өзбекстанда үч айлык баласын батирге алмаштыргысы келген аял кармалды

Өзбекстанда үч айлык баласын батирге алмаштыргысы келген аял кармалды

Өзбекстандын Навои облусунда үч айлык баласын үч бөлмөлүү батирге алмаштырууну көздөгөн аял...

Жалал-Абадда өзүн өрттөгөн жигит каза болду

Жалал-Абадда өзүн өрттөгөн жигит каза болду

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы.

Ушул жылдын 25-майында Сузак районундагы айылдардын...

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, 43 жаштагы Сапар Аканов алты жеринен жараат алып,...

Өз өмүрүн кыймакчы болуп көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран...

Өз өмүрүн кыймакчы болуп көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран...

2020-жылдын 24-май күнү Жалал-Абад ОИИБдин милициянын Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын...

Опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү ...

Опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү ...

Үстүбүздөгү жылы май айында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде, Ноокен районунун Кочкор-Ата...

Тажикстан: Чек арадагы атышууда тажик чек арачысы жарадар болду

Тажикстан: Чек арадагы атышууда тажик чек арачысы жарадар болду

Чек арадагы Ак-Сай айылы.

24-майда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууудан Тажикстандын чек...