KELECHEK
rek

Опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “Өткүр” аталган положенец кармалды

Опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү  “Өткүр” аталган положенец кармалды

Үстүбүздөгү жылы май айында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында крим-чөйрөдөгү авторитеттердин “сходкасы” (жыйыны) болуп, ал жерден “Өткүр” аталган положенец кармалды.

2020-жылдын 19-март күнү Базар-Коргон районунун 1989-ж.т. тургуну арыз менен кайрылып, ал өз арызында 2020-жылдын январь айынан баштап  “Ислам”  жана  “Өткүр” аттуу балдар мага телефон аркылуу байланышып, - “мен “Өткүр” Базар-Коргон боюнча  положенецмин” деп өзүн тааныштырып,  - “сен бүгүн саат 15:00 чейин 15 000  сом акча таап келесиң, саат 15:00дөн өткөн болсо эки эселеп көбөйтүп бересиң” - деп опузалап коркуткандыктан, мен саат 18:00дөр чамасында айтылган 15 000 сом акчаны алып барып бердим, ал эми  Өткүр мага эртең кошумча дагы 50 000 сом акча алып келесиң деп айткан,  мен ага анча акчаны каяктан табамын деп айтсам, “болбосо балдар сени жок кылат” - деп коркутту. Ошону менен үйүмдөгү буюмдарымды сатып отуруп, бардыгы болуп 270 000 сом акча бердим,  бирок ошого карабастан 2020-жылдын 20-март күнү  дагы 25 000 сом бересиң деп опузулап акча талап кылып жатат, ушул атуулдарга карата мыйзам чегинде чара көрүп бергиле деп кайрылган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 203-бер. 2-бөл. (Опузалап талап кылуу) менен жазык иши боюнча сотко чейинки  өндүрүш иши башталган.

Тергөө тапшырмасынын негизинде, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, “Өткүр” аталган шектүү Жалал-Абад областынын Базар-Коргон  районунун тургуну,  мурда 234-б. (Хулиганчылык), 165-б. (Мал уурулук) жана 170-беренелер (Опузалар талап кылуу) менен бир нече жолу соттолгон 1994-ж.т.  Ж. у М. экендиги, ал уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, азыркы күндө уюшулган кылмыштуу тобунун идеялогиясын колдоп, Базар-Коргон районуна “положенец” болуп шайлангандыгы такталган. Ал эми “Ислам” аттуу бала, Базар-Коргон районунун тургуну З.И. экендиги аныкталган.

Аталган кылмыш иши боюнча кылмышка шектүү Ж. у М. өзүнүн жүргөн жерин жашырып, жашаган жерин өзгөртүп тергөөгө келбей, тоскоолдук жаратып  качып жүргөн.

2020-жылы май айында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында крим-чөйрөдөгү авторитеттердин “сходкасы” (жыйыны) болот экен жана тергөөдөн качып жүргөн Ж. у М. да ошол жакка барып калышы мүмкүн делген маалыматтар түшкөн.

Бул алынган маалымат боюнча, 22-май күнү Жалал-Абад ОИИБдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн, Ноокен РИИБнин КМКнын жана Жалал-Абад областы боюнча Улуттук Коопсуздук Мамлекеттин Комитетинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Кочкор-Ата шаарындагы Ош-Бишкек автожолунун боюнда жайгашкан ашканалардын биринде аталган жыйын учурунда Ж. у М. жана З.И. кармалган. Алар менен кошо ошол жыйынга келген  ыкчам кызыкчылык жараткан 9 (тогуз) атуул Жалал-Абад ОИИБна алынып келинип, өздүктөрү такталып, алардын кол манжа издери алынып, түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп кайра коё берилген. Алар мурда соттолуп, учурда КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катарында каттоодо турган, Жалал-Абад областынын тургундары: - 1984-ж.т. О.Э, 1964-ж.т. А.Р., 1995-ж.т. Х. С., жана алар менен кошо жүргөн 1987-ж.т. С.Д., 1981-ж.т. Ж.Э.,  1993-ж.т. М. Э., 1977-ж.т. М. К., 1995-ж.т. С. Д., 1996-ж.т. О.К.

Ал эми 2020-жылдын 22-май күнү КР ЖПКнын 98-бер. негизинде шектүүлөр Ж. у М. жана З. И. Жалал-Абад ШИИБдин УКЖна киргизилген.

Бирок, 2020-жылдын 24-май күнү Кыргыз Республикасынын ЖКнин 203-бер. 2-бөл. (Опузалап талап кылуу) беренеси менен тергелип жаткан жазык иши боюнча аталган шектүүлөр Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан үй камагына чыгарылып жиберилген.  

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери улантылып жатат.

https://www.youtube.com/watch?v=dL6Ctaparbw&t=3s оперативдик тасма ушул ссылкада.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...