
Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаарынын тургуну, 43 жаштагы Сапар Аканов алты жеринен жараат алып, облустук клиникалык ооруканада жатат. Бул тууралуу оорукананын сынык-жараат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Тайланов билдирди. Абалы орточо деп бааланууда.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, окуяга байланыштуу Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки териштирүү башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуя 26-майдын түнүндө шаардын Спутник кичи шаарчасында болгон. Акановду 20-25 жаштардагы эки киши травматикалык тапанча менен атып, качып кеткен. Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында тергөөгө тапшырма берилип, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.
Сапар Аканов - Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасы. Бир туугандар алыш күрөшү боюнча буга чейин дүйнө чемпиону аталган.
Былтыр май айында Сапар Аканов менен бирге жүргөндөрдүн бирин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобуна кирген сузактык «Чач» жана каракөлдүк «Жон» аттуу каймана аты бар адамдар сабап кеткени айтылган. Жабырлануучу ички иштер органынын атайын багыттагы отрядынын мурдагы кызматкери болчу.
"Азаттык" үналгысы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05