KELECHEK
rek

Мойноктогу чырды эки өлкө өз алдынча иликтейт

Мойноктогу чырды эки өлкө өз алдынча иликтейт

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Орозо айт күнү болгон ок атышуудан кийин эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, окуяны ар ким өз алдынча иликтей баштады. Соңку окуя боюнча эки өлкө эки башка маалымат таратты.

24-майда ок чыгаруу менен коштолгон жаңжал Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Мойнок деген жайлоодо катталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, жаңжалга Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары малын Ак-Сай айыл аймагынын жерине айдап келгени түрткү болгон. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирине ок чыгарышкан. Кыргызстан тараптан эч ким жабыркаган эмес.

Окуядан көп өтпөй эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, жаңжал жайгарылган. Баткен районунун акими Каланбай Маркаев окуяны эки тарап өз-өзүнчө иликтей баштаганын айтты.

«Сүйлөшүүлөр 24-майда болду. Чек арачылар гана сүйлөштү. Биз тараптан №2022 чек ара отрядынын командири, тажик тараптан Исфара району боюнча чек ара командири келди. Окуя боюнча эки тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болду. Жаңжалдын чыгышына тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына малын жайганы себеп болгон. Кыргыз чек арачылары 23-майда тажик атуулдарына 200 баш малды айдап келгени үчүн эскертүү беришкен экен. Ага карабай 24-майда кайрадан 60 баштай мал жайышкан. Кыргыз чек арачылары аларды тоскондо тажик чек арачылар келип, ортодо атышуу болуп кеткен».

Кыргыз тарап аймагына кошуна өлкөнүн жарандары малын жаюуга тыюу салган мыйзамына таянып, чек арага жакын жайыттардын кире беришине блокпосттор орнотулган.

Жекшембидеги окуядан кийин эки өлкө эки башка мазмундагы расмий билдирүү таратты.

«Азаттык» радиосунун тажик кызматы жазып чыккандай, Тажикстандын Чек ара кызматы Кыргызстандын малчылары өлкө аймагына кирип кеткенин билдирип, кыргыз чек арачылары жергиликтүүлөргө ок атканын кабарлап, бир аскери бутунан жараат алганын маалымдаган.

Дүйшөмбүнүн билдирүүсүндө "кыргызстандык чек арачылар аткан октон катардагы жоокер, 2001-жылы туулган Давлатёр Зоиров жараат алды", - деп айтылат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы буга таң калуу менен жооп кайтарып, акыркы убакта тажик тарап чек арадагы абалды атайын курчутуп жатканын билдирди.

«Чек ара кызматы бул чыр-чатак боюнча Тажикстандын Чек ара аскерлеринин пресс-борбору жарыяланган билдирүүсүн таң калуу менен кабыл алды. Мындай импульсивдүү билдирүүлөр кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чыр-чатактардын күчөшүнө кызыкдар болгон деструктивдүү күчтөрдү чагымга түртөрүн тажик тарап түшүнүшү керек. Кыргыз тарап Тажикстанды чек ара маселелерин коңшулук мамилелерди сактоого, эл аралык укукка жана буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жетишилген чечимдерге ылайык гана чечүүгө чакырат», – деп айтылат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп катталат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41