KELECHEK
rek

Улуттук банк: Мигранттар жөнөткөн акча 19% азайды

Улуттук банк: Мигранттар жөнөткөн акча 19% азайды

Кыргызстанда чет жактан акча которуунун көлөмү азайганы байкалууда. Бул тууралуу 27-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов «Кабар» улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда айтты.

Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталында жеке адамдардын акча которууларынын жалпы суммасы 343 миллион долларды түздү. Бул былтыркы жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 19% аз.

Абдыгулов «Мигранттардан которулган акчанын азайышы өлкөдөгү жалпы суроо-талапка таасирин тийгизет жана калктын керектөө көрсөткүчүнүн жайлашын шарттайт» деди.

Ошону менен катар Кыргызстанда ишкердиктин активдүүлүгү төмөндөп, январь-апрель айларында ички дүң өнүм 3,8% кыскарганы айтылды.

Жакында парламент өкмөттүн ишин талкуулаганда бюджет тешиги тышкы жардам менен жабылганы жатканы айтылган.

Коронавирус пандемиясынан улам бюджеттин тартыштыгы быйыл өлкө эгемендик алган жылдардагы рекорддук чекке жетип, 28 миллиард сомду түзүүдө. Тактап айтканда, быйыл бюджеттин кирешеси 132,9 миллиард сом болсо, чыгаша 161,3 миллиард сом деп белгиленди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38