KELECHEK
rek

HRW түркмөн бийлигин кумсалык үчүн соттолгон артистти бошотууга чакырды

HRW түркмөн бийлигин кумсалык үчүн соттолгон артистти бошотууга чакырды

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Түркмөнстанда белгилүү артист жана анын өнөктөштөрү «Кумсалык» беренеси боюнча соттолгонун билдирип, Ашхабадды тез арада аларды бошотууга чакырды.

Уюмдун билдирүүсүндө шоумен 7-майда соттун чечими менен эки жылга эркинен ажыратылганы белгиленген.

Өткөн айда turkmen.news басылмасы жеке булактарына таянып, Ашхабадда белгилүү шоумен, артист жана алып баруучу кумсалыкка шектелип камакка алынганын жазган. Макалада артист менен чогуу анын бир нече өнөктөшү да кармалып, көпчүлүгү пара бергенден кийин бошотулганы белгиленген.

Түркмөнстандын кылмыш кодексинде гомосексуалдык мамилелер үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

2019-жылы октябрда «Азаттыктын» түркмөн кызматына интервью берип, кумса экенин айтып чыккан 24 жаштагы ашхабаддык дарыгер Касымберди Гараев дайынсыз жоголгон. Ал 6-ноябрда табылып, башта айткандарынын баарын төгүндөгөн.

Эл аралык уюмдар бир жыныстуу мамилелерди кылмыш катары эсептегендиги үчүн Түркмөнстандын бийлигин сынга алып келишет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53