KELECHEK
rek

Кыргызстан эл аралык донорлордон 462 млн. доллар алат

Кыргызстан эл аралык донорлордон 462 млн. доллар алат

Кыргыз өкмөтү менен эл аралык финансылык уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстан сырттан 462 млн. доллар алат. Анын ичинен Эл аралык Валюта Фондунан 2 баскыч менен болжолдуу 242 млн. доллар (241 948 003 ) насыя акча келди. Бул акча республикалык бюджетти толтурууга багытталды.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, Азия өнүктүрүү банкынан 3 баскыч менен алынуучу акчанын суммасы 120 млн. доллар алынат. Биринчи транш менен июнь айынын башында 50 млн. доллар келет, мунун жарымы гранттык негизде. Кийинки транш менен дагы 50 млн. доллар келет. 100 млн. доллар мамлекеттик бюджетти колдоого багытталат. Ал эми акыркы баскыч менен алынуучу 20 млн. доллар коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык жабдуулар менен дары-дармек алууга жумшалат.

Ал эми Дүйнөлүк банк инвестициялык «COVID-19 боюнча ыкчам долбоор» жана «Кыргызстандагы табигий кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорлоруна 21 млн. 150 миң доллар бөлүп берет. Анын жарымы грант, теңи насыя. Бул акча саламаттык сактоо тармагы үчүн жабдууларды жана каражаттарды алууга багытталат.

Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек сатып алуу үчүн 15 миллион доллар насыя берет.

Булардан тышкары Евробиримдик билим берүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн 15 млн. 300 миң евро бөлүп бермекчи. Ошондой эле санариптештирүүгө байланыштуу иш-чаралар үчүн 6 млн. евро, социалдык коргоо чөйрөсүнө 9 млн. 500 миң евро берилет. Жалпысынан Евробиримдик Кыргызстанга 33 млн. 880 миң долларды гранттык негизде берет.

Германия өнүктүрүү банкынын 30 млн. 352,5 доллар өлчөмүндөгү каражаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында фермерлерди колдоого жумшалат.

Коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстандын 2020-жылкы бюджетинин киреше бөлүгүнө 30,8 млрд. сом жетпейт деп маалымдалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38