KELECHEK
rek

Британия Гонконгдун үч миллиондой жашоочусун кабыл алууга даяр

Британия Гонконгдун үч миллиондой жашоочусун кабыл алууга даяр

Эгер Кытай Гонконгго басым жасоону уланта берсе, Улуу Британия мегаполистеги үч миллиондой жашоочуну кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Times гезитине британ премьер-министри Борис Жонсон билдирди. Аларга королдуктун жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Жонсон королдуктун атайын паспортун алууга укугу бар бардык жашоочуларга жарандык үчүн жол ачууну убадалады. Бул документке 350 гонконгдук жаран ээ, аны дагы 2,6 миллион киши британ колониясынын мурдагы жашоочулары катары ала алат. Азыр мындай паспорт Британияда иштөөгө же жарандык алууга укук бербейт. Бирок премьер-министр королдук виза системасын өзгөртүүгө даяр экенин айтты.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайтарылган. Бириккен Улуттар Уюму менен макулдашууга ылайык, Бээжин Гонконгдун ички саясатына, анын ичинде сот чечимдерине да кийлигишүүгө укугу жок.

Былтыр жаздан бери кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна нааразы болгон миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышкан. Элдин каршылыгынан улам документ артка чакыртылганы менен бийликке каршы нааразылык толкуну токтогон эмес. Жергиликтүү калк автономиянын башчысы Кэрри Лэмдин кызматтан кетишин жана акциялар маалында камалгандардын чыгарылышын талап кылууну коронавирус пандемиясы башталгыча улантышкан.

Нааразылык май айында пандемияга карабай кайра жанданган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...