Флойддун өлүмү боюнча төрт полиция кызматкерине айып тагылды
АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө себепкер полиция кызматкери Дерек Шовинге тагылган айыптоолор оор беренелер менен алмаштырылды.
Бул тууралуу америкалык басылмалар Миннесота штатынын башкы прокурорунун кеңсесине шилтеме жасоо менен билдиришти.
Үчүнчү даражадагы киши өлтүрүү айыбы менен камакка алынган Шовинге эми экинчи даражадагы киши өлтүрүү беренеси тагылууда. Ал 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Fox News маалымдагандай, Флойдду кармоого катышкан дагы үч полиция кызматкери камалды. Жей-Александр Куенг, Томас Лейн жана Ту Тао кылмышка көмөктөшүү жана шыкакчы болууга айыпталууда.
Төрт полиция кызматкери тең жумуштан бошотулган.
Жасалма акча үчүн айыпталган 46 жаштагы Жорж Флойд 25-майда полиция тарабынан кармалгандан кийин, ооруканада каза тапкан. Анын кармалган учуру тартылган видео Интернетке тараган. Анда полиция кызматкери Дерек Шовин Флойддун мойнун тизеси менен басып турганы, Жорж дем ала албай калганын айтып жатканы тартылган.
АКШда Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин рассалык теңсиздикке каршы толкундоолор токтой элек. Өлкөнүн 40тан ашуун шаарларына коменданттык саат киргизилип, Улуттук гвардиянын аскерлери коомдук тартипти камсыз кылууга тартылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04