KELECHEK
rek

Кыргызстанда 292 дарыяга жаңы чакан ГЭСтерди курууга болот (ФОТО)

Кыргызстанда 292 дарыяга  жаңы чакан ГЭСтерди курууга болот (ФОТО)

Азыркы учурда дүйнө жүзүндө элдин санынын өскөндүгү, өндүрүштүн көбөйгөндүгү, аба-ырайынын кескин түрдө жылууланганына байланыштуу ири ГЭСтерде суунун көлөмүн өз көлөмүндө сактап калуу өтө кыйын болуп, бул маселени кичи энергетиканы өнүктүрүү жолу менен чечүү максатында чакан ГЭСтерди курууга көңүл өзгөчө бурулууда.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандагы кичи дарыялардын гидротехникалык потенциалы, жалпы кубаттуулугу 178 МВт., жылына орточо 1,0 млрд. кВт/саат электр энергия иштеп чыгара турган 292 дарыяга жаңы чакан ГЭСтерди курууга бардык жагынан мүмкүндүк берет.

Андан сырткары, мурда курулган жалпы кубаттуулугу 22 МВт жана жылына орточо 100 млн.кВт/саат электр энергиясын иштеп өндүрө ала турган 39 чакан ГЭСтерди калыбына келтирүүгөда болот. Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуу булактарынын обьектилерин (чакан ГЭСтер, күн, шамал, биогаз булактары) ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорлор жана демилгелер бар. Учурда Кыргызстанда 42 МВт кубаттуулугу менен 13 чакан ГЭСтер иштейт. Алар жылына болжол менен 140,5 млн.кВтс электр энергиясын иштеп чыгарат.

Өткөн ХХ кылымдын 70-жылдарына чейин Кыргызстанда 300 майда жана чакан ГЭСтер иштеп турган. Кийин чоң ГЭСтер жана жылуулук электр станциялары иштей баштагандан кийин көпчүлүк майда жана чакан ГЭСтер таптакыр жабылган же консервацияланган эле. Алар да кийинчерээк талкаланып жок болгон. Азыркы учурда иштеп жаткан чакан ГЭСтердин техникалык абалы абдан оор. Жабдуулардын кылым карыткан эскилиги техникалык чекке жеткендиктен керектүү режимде иштей албай келет.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын «Кыргызстандын алыскы региондорун өнүктүрүү үчүн кайталап иштелип чыккан энергия булактарын илгерилетүү» долбоорунун негизинде 2002-жылдан баштап чакан ГЭСтерди орнотуу башталган. Өлкөдө өздөштүрүүгө мүмкүн болгон дарыялардын гидротехникалык потенциалы, суунун көп жылдык сарпталышын орточо 0,3төн 50 куб.м/сек деп алганда, жылына 5-8 млрд. кВтс электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Азыркы учурда жалпы өздөштүрүлгөнү 3 пайызды, же иштеп жаткан 8 кичи ГЭСти гана түзөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Жалал-Абаддагы илимий борборунун кызматкери Абдисатар Досбаевдин пикирине караганда, Кыргызстандын аймагында шар аккан дарыялар жана алардын куймалары аябай эле көп. Ал суулардан алынып жаткан электр энергиясы бүгүн жалпы көлөмдүн 10 эле пайызын түзөт жана 14 миллиард киловатт-саатка барабар. Калган 90 пайыз суу жөн эле агып кетип жатат. Кыргызстандагы дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалынын көлөмү 142 миллиард  киловатт-саатка тең. Бул өтө чоң жоготуу болуп саналат. Эгер колдонулбаган суу агымдарынын кубаттуулугун колдонсок, энергия башка кошуна өлкөлөргө да жетмек.

“Кыргызстандагы аккан суулардын баарына чакан, кичи жана майда СЭСтерди курсак,  жылына 142 миллиард киловатт-саат энергия болот. Эгер бул энергиянын бир киловатт-сааты 1 сомдон сатылса, 142 миллиард сом болот. Демек ал же 2 миллиард доллардан  ашат. Ошондуктан тез арада чакан жана майда СЭСтерди курууну колго алыш керек”, - дейт А.Досбаев.

ТЭЦте өндүрүлгөн энергиянын баасы 20 эсе кымбат

Адистердин пикири боюнча Кыргыз Республикасында 90 пайыздан ашуун электр энергиясы суунун күчү менен ГЭСтерде чыгарылат, ал эми калган 10 пайыздан азыраак көлөмдөгү электр энергиясы 20 эсе кымбат баада жылуулук күчү менен ТЭЦтен өндүрүлөт.

Электр энергиясынын тышкы рыногу жөнүндө кеп кылаардын алдында эки маанилүү жагдайга көңүл бурганыбыз оң:

- биринчиден, улуттук энергетика системасы суу кенен жылдары (4-6 жылдык цикл менен) электр энергиясын 15 млрд.кВтс тегерегинде арзан баада өндүрө алат. Ал эми суу тартыш жылдары ТЭЦтин үлүшүн көбөйтүү аркылуу электр энергиясын 1-2 млрд.кВтс аз көлөмдө, бирок чоң чыгымдын айынан кымбат өздүк наркы менен өндүрөт;

- экинчиден, акыркы жылдары электр энергиясын ички керектөө жылына 5 пайыздын тегерегинде өсүп келе жатканын эске алсак, электр энергиянын өндүрүлүшүнө (суунун кенендиги-тартыштыгына жана акча каражатынын туруктуу жетишпестигине) жараша электр энергиясын тышка сатуу же тескерисинче сатып алуу муктаждыгы келип чыгууда.

Өткөн жылдарга саресеп салсак, суу кенен жылдары (2010-2013-жылдары) Кыргызстан жылына 2,6 млрд.кВтс чейинки көлөмдөгү электр энергиясын Казахстанга экспорттосо, 2014-2016-жылдары жылына 0,5 млрд.кВтс чейинки көлөмдөгү электр энергиясын тескерисинче импорттоого мажбур болгон. Андан соң 2017-2019-жылдары Өзбекстанга ири көлөмдөгү электр энергиясын (1,2 жана 0,7 млрд.кВтс) экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылган. Быйыл болсо Казахстандан 0,5 млрд.кВтс электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыгып баратат.

Акыркы жылдары чөлкөмдөгү электр энергиясынын экспорттук-импорттук баасы 2-2,5 центтин аралыгында турукташып калганын белгилеп кетишибиз абзел.

Жогоруда белгиленген көлөмдөр жана баалар менен чектелген электр энергиясы менен жүрүүчү тышкы соода менен катар эле чоң эмес көлөмдөгү (0,07-0,18 млрд.кВтс) кошуна мамлекеттер аралык электр энергиясын дүңүнөн алмашуу операциялары жай-күз мезгилдерине туура келүүдө.

Ощондой эле, “Датка-Кемин” 500 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгысын куруу менен өндүрүлгөн электр энергиясын өлкө аймагында транспорттоо маселеси толук чечилгендигин баса белгилеп кетишибиз керек.

Мындан сырткары, электр энергиясын кошуна мамлекеттер менен экспорттоо-импорттоо жана дүңүнөн алмашуу операцияларын жүргүзүү менен утурумдук электр энергиясы менен ата-мекендик экономиканы, социалдык чөйрөнү камсыздоо маселесин белгилүү бир деңгээлде чечип келе жатабыз. Бирок, өлкөбүздүн энергетика коопсуздугун бул иш-аракеттер менен камсыздоо келечекте дегеле мүмкүн эместигин биз жакшы түшүнүшүбүз абзел.

Бүгүнкү күндө эң маанилүү маселе катары электр энергиясын өндүрүүнү кескин жогорулатуу эсептелинээри бышык. Адистер керектүү тышкы жана ички капиталдык салымды/инвестицияны тартуу менен катар эле тариф саясатын кылдат жүргүзүү менен бул маселени чечсе болот деген ынанымдуу ойлорун байма-бай билдиришүүдө.

Электр энергияга болгон азыркы баа тарифи өзүн-өзү актайбы?

Электр энергияга болгон азыркы баа тарифи боюнча көз карандысыз эксперт, э.и.д. профессор Касымова Валентина Махмутовна биздин суроолорго жооп берди.

- Валентина Махмутовна, электр энергияга болгон баа тарифин ким жүргүзөт?

- Бүгүнкү күндө орто мөөнөттүк тарифтик саясат боюнча электр энергияга болгон тарифтер ГАРТЭКтин буйругу менен коюлат. Ал эми Орто мөөнөттүк тарифтик саясат болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.

- Азыркы баа тарифи өзүн-өзү актайбы?

- 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 кВт.саат электр энергиясынын наркы 1 сом 55 тыйынды түздү. Ал эми жалпы керектөөчүлөр актаган орточо тариф болсо 1 сом 37 тыйын болду. Ошентип 2018 жылы, 18 тыйын ар бир кВт. сааттан акталбай калган.

-  Келечекте электр энергияга болгон тариф саясатын өзгөртүү керекпи?

- Албетте, өзүңөр билесиңер, чыгарылган электр энергияны 65 пайызын бытовой абоненттер пайдаланат. Ошол бытовой абонент пойдаланган электр энергиянын 80 пайызы 77 тыйындан, ал эми наркы болсо 1 сом 55 тыйын болсо, тарифтик жетишпестик 50 пайыздан ашып жатат. Ошондуктан мындай кайчылаш субсидиялоодон (перекрестный субсидирование) алыс болуп, электр энергиянын наркын актаган тарифтерге өтүшүбүз керек.

Кичи ГЭСтерден алынган энергиянын баасы арзан болот

Кыргыз Республикасынын УИАсынын Жалал-Абаддагы илимий борборунун кызматкери Абдисатар Досбаевдин берген маалыматына караганда, институт учурда энергиянын кайра жаралуу булактарын табуу боюнча иш алып барып жатат. Негизинен чакан ГЭСтерди, шамал, күн, биогаз булактарын алуунун жолдорун түштүк региону боюнча изилдешет.

Анын айтымында, өлкө боюнча 3 миңден ашык кичи (микро) ГЭСтерди кура турган суулар бар. Кыргызстанда келечекте ирригациялык суу сактагычтарда кубаттуулугу 75 МВт, орточо жылына 220 млн.кВтс электр энергиясын иштеп чыгара турган 7 ГЭСти курса болот. Бул алыскы райондорду жылуулук менен камсыз кылуу талабын бир топ жеңилдетмек. Анткени электр жылуулугуна өткөрүү менен бул райондордо жылына 100-120 миң тонна отунду үнөмдөсө болот, же акчалай бааланса 350-420 млн.сомду түзмөк (1 тонна көмүр 3500 сом болсо).

Илимий кызматкер А.Досбаевдин пикири боюнча, бүткүл дүйнө жүзү арзан, экологиялык таза энергияга муктаж болуп, ага көптөгөн каражаттар жумшалып, ири долбоорлор ишке ашууда. Ал эми кошуна Өзбекстан мамлекети жакынкы беш жылда электр энергиясын өндүрүүчү бир катар станцияларды куруу максатын көздөп жатат. Кала берсе, атомдук электр станциясын куруу аракетин баштады. Коңшу мамлекетке караганда Кыргызстандын бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрү бир топ жогору болгонуна карабай, биз аны пайдалана албай жатабыз. Көп каражат кетирбей эле арзан энергия алуунун жолдору бар. Айрыкча аны жеке ишкерлер коммерциялык максатта пайдаланышса жакшы болмок. Ишкерлерге мындай мүмкүнчүлүк берүү керек.

Жалал-Абад облусунда Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери, түндүктө 4 чакан ГЭСтер бар. Жеке ишкерлердин буйрутмасы менен Токтогул районунун Чычкан капчыгайына (30 кВт) микро-ГЭС курулуп, бир нече жылдан бери иштеп жатат. Токтогулдун Чолпон-Ата айыл өкмөтүндөгү Кескен-Дөбө деген айылда микро-ГЭС курулган жана 10 жылдан бери иштеп жатат. Оштун Озгур айылындагы Увам каналына (52 кВт), Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Шаркыратма деген айылына 200 кВттык микро ГЭСтер курулган.

Илим-изилдөө борбору тарабынан жайлоочуларга,аарычыларга, туристтик базаларга арнап, геликолоиттик ГЭСтерди куруу боюнча макети жасалып, алгачкы буйрутмалар алына баштады.

- Биздин эсеп боюнча шамалга да, сууга да иштей берет. Бул тажрыйбаны Кыргызстанга таркатышыбыз керек. Мунун жакшы жери сууга, шамалы кату уболгон жерлерге, булакта диаметри 10 см болгон түтүктөн суу агып жаткан болсо, ошол жерлерде иштей берет биздин продукциябыз. Бир чети бул технология Кыргызстандын экологиясын сактап калуу үчүн керек болуп жатат. Жалаң гана акча кеткен кымбат нерселерди жасай бербестен, ушул тажрыйбаларды жайылтуу зарыл. Туристтер эс алуучу жайлар бир-эки айда эле чаң болуп кетет. Себеби, мал жандыктары тебелей берип, чөптөрүн жок кылып салат. Ушул нерсени сактап, адамдар жашаган жерлерди корук кылып, электр кой кайтаргычтарды пайдаланса болот. Мал короо бөлөк болуп калат. Чет мамлекеттерде бул ыкма жакшы жолго коюлган, - дейт илимий кызматкер А.Досбаев.

Окумуштуунун ырастоосунда чакан жана кичи ГЭСтердин дагы бир жакшы жери – бир эле сууну, бир нече жолу пайдалана берсе болот. Себеби, ал жерде курулган дамбалары, плотина, трубалары турат. Муну тез эле куруп койсо болот. Чыгым да аз кетет. Ал жерге генератор менен трубинаны сатып алсаң, калган нерсеси азыраак эле чыгым менен болуп калат.

 Мончок (грилианд) ГЭСти Сузак районунун Кара-Дарыя суусуна куруп койсо болот. Эч жерин тоспой, платина курбай эле, агып жаткан сууга эле мончок ГЭСтерин курууга мүмкүнчүлүктөр бар. Кичи ГЭСтердин дагы бир жакшы жери – экологияга зыяны дээрлик жок, ал эми өндүрүлгөн  электр энергиясынын баасы арзан болгонунда. Бүгүнкү күнгө буйрутмалардын негизинде 15ке жакын микро-ГЭСтер курулганын белгилеп кетмекчибиз. Кичи гидроэнергетиканын келечеги кең экендигинде шек жок.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24