KELECHEK
rek

Электр энергияны үнөмдөп, үй-бүлөлүк кирешени толтуруңуз! (ФОТО)

Электр энергияны үнөмдөп, үй-бүлөлүк кирешени толтуруңуз! (ФОТО)

Азыркы күнүмдүк турмушта үй-тиричилигине колдонгон электр энергияны үнөмдүү пайдаланууну ар ким өз үйүнөн баштоо керек. Электр энергиясын күнүмдүк тиричиликте үнөмдөө менен үй-бүлөнүн кирешесине чоң пайда алып келсек болот.

Кир жуу, тамак даярдоо, сыналгы көрүү, уюлдук телефонду заряддоо, муздаткычга азык-түлүк сактоо, турак-жайды жалытуу жана үйгө жарык берүү, айтоор күнүмдүк тиричиликти электр энергиясыз элестетүү мүмкүн болбой калды. Ошондуктан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу күнүмдүк жашоонун актуалдуу маселелеринин бирине айланды десек жаңылышпайбыз.

Дүйнө жүзүндө алгач иштелип чыккан энергия ресурстарын пайдалануу акыркы 10 жылда 1,8 эсеге, ал эми Кыргызстанда 3 эсеге өскөн. Энергия ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча Кыргызстан Эгемен Республикалардын ичинде орточо деңгээлден 2 эсеге төмөн, ал эми өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлинен 5-7 эсеге төмөн турат.

Рустам Садыков: “COVID-19 илдети энергетика тармагына да катуу таасирин тийгизүүдө

Биздин өлкөдө энергияны берүүдөгү техникалык коромжу 6 пайызды түзсө, бөлүштүрүүдө 15 пайыз, ал эми коммерциялык коромжу берилген энергиянын 25 пайызын түзөт.

Адистердин пикири боюнча, Кыргызстан эң зор гидротехникалык потенциалга ээ. Өлкөдө жалпы кубаттуулугу 2 700 000 кВт. энергия иштеп чыгарган 18 гидроэлектростанция иштейт. Бул дүйнөлүк эксперттердин баалоосунда, Кыргызстандагы гидротехникалык потенциалдын 9-10 пайызын гана түзөт. Өлкөдөгү дарыялардын энергетикалык ресурсу жылына 162 млрд. кВт/саатты түзсө, бирок акыркы жылдары иштелип чыккан электроэнергия жылына 10-15 млрд. кВт/саатты гана түзүп жатат.

Улуттук энергохолдингдин электр энергиясын бөлүштүрүү жана жылуулук менен жабдуу башкармалыгыны жетекчиси Рустам Садыков биздин суроолорго жооп берди.

- Рустам Садыкович,  электр энергиясына болгон жоготууларды кантип азайтууга болот?

- Ар жыл сайын бөлүштүрүүчү электр компаниялары (мындан ары-БЭК) электр энергиясына болгон жоготууларды азайтуу максатында, бир канча иш-чаралардын пландарын бекитип, анын негизинде иштер жүргүзүлөт. БЭКтер боюнча, жоготууну азайтуу, керектөөчүлөрдү туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, өткөн 2019-жылы төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды.

Республиканын аймактарында БЭКтер боюнча,  пландагы 155 комплектүү трансформатордук көмөкчү чордон ордуна 199 (128%) даана орнотулуп, жана 290 ашыкча жүк менен иштеп жаткан трансформатордун ордуна 399 (138%) даана трансформатор алмаштырылды.  Пландагы 868,6 км ордуна 987,5 км (114%) 35/10-0,4 кВ электр өткөргүч аба чубалгылар курулду жана реконструкцияланды.

 

Жылдык план

факты

%

БЭК

155 кошумча ТКЧК

199 кошумча ТКЧК

128%

290 трансформаторду алмаштыруу

399 трансформаторду алмаштыруу

138%

868,6 км ЭӨЧ 35/10-0,4 кВ куруу жана реконструкциялоо

987,5 км ЭӨЧ 35/10-0,4 кВ курулду жана алмаштырылды

114%

Мындан сырткары, 2019-жылдын январь-декабрь айларында БЭК тармактарындагы жоготуулар 12,3%ды же 1494,2 млн. кВт-саатты түзүп, норматив (12,4%) аткарылды, жана 12,7% (1543,9 млн. кВт/саат) түзгөн 2018-жылдын ушул мезгилиндегиге караганда 0,4%га аз.

2012-2015-жылдар аралыгында Бишкек шаары боюнча, 115 миңге жакын акылдуу эсептегичтер орнотулуп, ошону менен бирге аба чубалгылары да изоляцияланган зымдарга (самонесущий изолированный провод) алмаштырылды. Акылдуу эсептегичтерди орнотуунун эсебинен электр энергиясына болгон жоготуулар кыйла кыскарды, 2012-жылы жоготуулардын деңгээли 22,9%ды түзсө, ал эми 2015-жылы 12,1%ды түздү.

- Акылдуу эсептегичтер  орнотулгандан кийин, төлөмдөрдү жыйноо жакшырдыбы?

- Акылдуу эсептегичтер орнотулган жерлерде төлөмдөрдүн жыйналышы 100%ды түзөт, дебитордук карыздар дээрлик жок, берилген электр энергиянын сапаты да кыйла жакшырды. Акылдуу эсептегичтерди орнотуу, бул - керектөөчүнүн керектөө кубаттуулугун алыстан же дистанттык түрдө көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, электр жабдууларын ашыкча жүктөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат, тез жана сапаттуу маалымат алууга жана бузулууларды же аварияларды аныктоо үчүн иштин абалын көзөмөлдөөгө, ошондой эле эсептегичтерге уруксатсыз кирүүгө жол бербейт.

Мындай иш-чаралар кийинки жылдарга дагы пландалып, алгылыктуу иштер алынып барылууда.

- Быйылкы жылы кандай иштер аткарылды?

- Ал эми 2020-жылдын иш планына БЭКтер боюнча 280 миң даана акылдуу эсептегичтер орнотулуусу күтүлүүдө. Андан тышкары,  БЭКтер боюнча республиканын аймактарында кошумча 161 даана комплекстүү трансформатордук көмөкчү чордон орнотуу, 274 даана ашыкча жүктөм менен иштеп жаткан трансформаторлорду алмаштыруу жана 1180 км жакын 35/10-0,4 кВ электр өткөргүч аба чубалгыларын куруу, реконструкциялоо иштери пландалып жатат.

Бул иш-чаралардын баардыгы керектөөчүрдү туруктуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана энергетика тармагындагы жоготуулардын деңгээлин азайтуу максатында жасалууда.

Бирок баарыбызга белгилүү болгондой дүйнөдө болуп жаткан COVID-19 илдети, энергетика тармагына да катуу таасирин тийгизүүдө. Колдонулган электр энергиясы  үчүн төлөмдөр өз убагында төлөнбөй жаткандыгы, жана башка ушул сыяктуу көптөгөн көйгөйлөргө дуушар болуудабыз. Ошол себептен, бүгүнкү күндө, жалпы энергокомпаниялардын 2020-жылга болгон бюджеттерин кайрадан карап чыгууга туура келүүдө.

Электр энергияны үнөмдөөнү - үйдү жылуулоодон баштаңыз!

Энергияны коромжу колдонуу жагынан Кыргызстан дүйнө жүзүндө 15 орунда турат - деген оюн энергияны үнөмдөө жана энергия эффективдүүлүк боюнча көз карандысыз эксперт, Юнисон Групп компаниясынын президенти  Нурзат Абдырасулова билдирди.

- Нурзат Аскарбековна, Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө боюнча кандай жолдорду сунуш кылат элеңиз?

- Бизде энергияны колдонуу экиге бөлүнөт. Биринчиси – жылуулук энергиясы, экинчиси – электро энергиясы. Кыргызстанда үнөмдүүлүк боюнча өтө чоң көйгөй кыш мезгилинде көтөрүлөт. Жылуулук энергиясы, же электр энергияны жылуулукка колдонуу боюнча. Бул аябай чоң маселе болуп келген. Акыркы жылдары биздин электр энергия өндүрүү жагынан суунун аз болушу бул өзүнчө көйгөй жаратат. Электр энергиясын эң көп пайдаланган мезгил ноябрь-март айлары болуп эсептелет. Бирок, бул мезгилде Токтогул каскадында электр энергиясын иштеп чыгуу чектелген. Энергетиктердин айтканына караганда,  өндүрүлгөн электр энергиянын 70 пайызын жеке турак-жайда жашагандар пайдаланышат. Үнөмдөө жолдорун айтсак, жеке турак жайда болобу, же өндүрүштөбү Кыргызстанда энергияны коромжу колдонушат. Энергияны коромжу колдонуу жагынан дүйнө жүзүндө биз 15- орунда турат экенбиз, бул өтө эле жогору. Бизге окшогон кичи, экономикасы өтө өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн.  

Энергияны үнөмдөөнүн биринчи жолун айтсак, бул турак-жайларды жылуулоо. Же болбосо, терезе, шып, дубалды жылуулоо, үйдүн ичиндеги жылытуу системасын кайра алмаштырып, жаңы казан-мештерди коюп, ушундай иштерди аткарса, электр энергияны колдонуучунун деңгээлинде 60-70 пайызга энергияны үнөмдөп калууга мүмкүнчүлүк бар. Анткени, бизде электр энергиясын колдонуу жолдоруна көп көңүл бурбай келишкен. Ошону менен бирге, турак-жайды курууда кошумча жылуулук материалдарын колдонууну көп билишкен эмес. Эгерде Союз учурунда атайын нормативдер берилип, үй салууда дубалдарын, шыптарын калың материалдарды колдонуп келсек, кийинчерээк, курулуш матреиалдарын үнөмдөө максатында жукараак материалдарды пайдалана башташкан. Бул жылуулуктун сыртка чыгышына шарт түзүлүп калган.

Андан сырткары, үй ичинде колдонгон системалар, жарык берүүнү айтсак болот. Азыркы учурда жарык берүүнүн өтө көп системалары бар. Мисалы, жарык берген 100 ватт лампочканын ордуна, 10 ватт жарык бере турган диоддук лампочкаларга алмаштырып, электр энергияны аз пайдалануу менен аны көп мезгилге чейин колдонуп, төлөнө турган акчаны эки эсеге азайтсак болот. Жарык берүү системасын, терезелерди алмаштыруу менен 25-30 пайызга чейин жылуулуктун сыртка чыгып кетүүсүн азайтат. Эгерде шыпты, дубалды жылууласак, анда 30-35 пайыз жылуулуктун сыртка чыгып кетүүсүнөн сактап калабыз. Ал эми өндүрүштү айтсак, мурдагы колдонулган чоң приборлорду кайра жаңыртуу, алмаштыруу жолу менен энергия эффективдүүлүктү 100 пайызга чейин азайтсак болот экен.

- Кыргызстанда энергия эффективдүүлүктү  жайылтуу боюнча кандай долбоорлор ишке ашырылды?

-  Белгилүү болгондой, үй шартын комплекстүү кароо керек. Буга суу, жылуулук жана жарык кирет. Мында бардык ресурстарды натыйжалуу гана эмес, үнөмдүү пайдалануу да маанилүү. Андыктан үй ээлеринин жашоо шартын жакшыртууга жардам берген энергияны жана ресурстарды үнөмдөөгө үгүттөө Юнисон Групп уюмунун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Уюм 2002-жылы түзүлгөн. Биздин уюм эл аралык каржы институттарынын (Дүйнөлүк Банк, Европалык Өнүгүү жана Реконструкциялоо Банкы, Европа Биримдиги) колдоосу менен турак-жай жана жеке секторлордо энергия натыйжалуулугу боюнча долбоорлорду иш жүзүнө ашырып келет. Юнисон Групп тарабынан мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө абдан чоң иш аткарылган. Мыйзам кабыл алуу натыйжасында 2013-жылы 55 миллион долларлык каражат менен Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасы (KyrSEFF) ишин баштоого мүмкүнчүлүк алды. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашыруусунда энергияга натыйжалуу материалдар базарын жандандыруу менен гана эмес, ошондой эле курулуш жана монтаждоо кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырды.

 

Республиканын калкынын энергияны үнөмдөөчү иш-чараларына колдоо көрсөтүүнү ишке ашырууга багытталган KyrSEFFтин насыяларынын аркасында жарандар өзүнүн үйүнө сапаттуу энергия үнөмдөөчү терезелерди, жогорку натыйжалуу жылытуучу мешти, күн коллекторлорун, жылытуучу насос орнотот жана үйүн жылуулайт, ал эми  ишканаларда жабдууларды алмаштыра алышат. Ошондой эле айыл чарбасын да күнөсканаларды модернизациялоону каржылоо аркылуу колдойт. Аталган иш-чараларды аяктоо менен каржы алуучу программадан сарпталган каражаттардын 10дон 35 пайызга чейинки инвестициялык грант алат.

Мындан, Финансылык колдоодон башка KyrSEFF программасынын кардарлары эл аралык жана жергиликтүү инженерлердин энергия үнөмдөө маселелери боюнча акысыз консультациясын алышат.

Заманбап энергия үнөмдөөчү технологияларды колдонуу KyrSEFFтин кардарларынын үйүнүн сырткы гана келбетин жакшыртууга эмес, өзүнүн үйүндө жагымдуу жашоо шарттарын түзүү жана турак жайын кыш мезгилинде жана сезондордун ортосунда ысытууга кетирген каражатын олуттуу үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Жеке менчик ишканалардын ээлери эски жабдууну жаңысына которуу аркылуу компаниялардын өндүрүмдүүлүгүн жана кирешелерин жогорулатууда.

Биздин борборлор республиканын бардык аймактарында иштеп, калкка өз укуктарын коргоо боюнча талдаганга жардам берүүдө. Энергокомпаниялардын сапаттуу тейлөө борборлору менен активдүү кызматташып, калкка колдоо көрсөтүп, жардам бергенине байланыштуу, тармак калктын ишенимине ээ болууда. Алсак, 2011-2015-жылдар аралыгында элден 7,5 миӊден ашык кайрылуулар жана даттануулар келип түштү. Электр кубатын пайдалануу үчүн аларга айып пул түрүндө негизсиз салынган 9 миллиондон ашык сом кайтарылып берилди.

Электр энергиясынын сапатын кантип жогорулатууга болот?

Электр энергия сапатынын начарлоо себептерин алдын алуу үчүн: 

  • Сертификаты жок өз алдынча жасалган (плиткалар, аристондор, казандар ж.б.) аспаптарды колдонбоңуз! Бул коркунучтуу!
  • Иштеп жаткан аспаптарды кароосуз калтырбаңыз!
  • Чоң кубатты талап кылган аспаптарды бир убакта иштетпеңиз!

​Маанилүү: Төмөнкү чыңалууда аны эске алуу зарыл: 90 В чыңалууда чайнекти жана жылыткычты бир мезгилде иштетүү сактагыч (предохранитель) менен «жучокту» иштен чыгарышы мүмкүн.

Адистердин иликтөөсүндө, компьютер же башка үйдө колдонуучу тиричилик техникалар иштебей турганы менен алардын зымдары токко уланып турат, муну менен электр кубаты кеткен жок деп түшүнүү туура эмес. Ошондуктан, электр жарыгын сарамжалдуу пайдалануу үчүн иштебей турган учурда да толук кандуу зымдарын сууруп коюу талапка ылайык.

Энергияны үнөмдөө менен үй-бүлөлүк каражатыңызды толтурууга өзүңүздөр шарт түзүп, ашыкча коромжулоону токтотуп калыңыздар! 

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38