KELECHEK
rek

Бишкекте белгисиз адамдар банкты карактап кетишти

Бишкекте белгисиз адамдар банкты карактап кетишти

Иллюстрациялык сүрөт.

12-июнда Бишкекте саат 13:20 чамасында Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банк каракталды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча, беткапчан эки киши банкка курал менен кирип келип банктын кызматкерлерин, күзөтчүсүн коркутуп кассадагы акчаны алып кетишкен. Мекеменин күзөтчүсүндө желим дубинкадан башка эч нерсе болгон эмес.

 

Бул факт Бишкек шаардык милициясына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Каракчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Уурдалган акча эсептелүүдө.

Интернетке тараган тасмада эки киши имараттын ичине кирип, бирөө адамдарды бир бөлмөгө камап, экинчиси акчаны алып жатканын көрүүгө болот. Милиция окуя кайсы банкта болгонун ачык айткан жок. Айрым сайттар күч тармагындагы жеке булактарына таянып, «Керемет банк» каракталганын жана шектүүлөр 2 млн. сомго жакын акчаны алып кеткенин жазышты. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...