KELECHEK
rek

Шаардык милиция «күч кызматкерлери иш таштайт» деген маалыматты четке какты

Шаардык милиция «күч кызматкерлери иш таштайт» деген маалыматты четке какты

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы «Өзгөчө абал учурунда иштеген күч кызматкерлерине кошумча төлөм берилбегендиктен Бишкектин төрт районунун милиция кызматкерлери иш таштаганы жатат» деген маалыматты четке какты.

Шаардык милиция күч кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча маселе Ички иштер министрлигинин (ИИМ) көзөмөлүндө экенин, тиешелүү документтер Финансы министрлигине жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Kaktus.media интернет-басылмасы милициядагы жеке булактарына таянып, 15-июндан тартып Бишкектин төрт районунун милиция кызматкерлери жумушка чыкпай турганын жазды. Буга өзгөчө абал режиминде иштеген күч кызматкерлерине кошумча төлөм берилбей жатканы негиз болгону белгиленген. Бул боюнча 13-июнда жыйын болгону да жазылган.

Шаардык милиция 13-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев коомдук коопсуздук боюнча жыйын өткөргөнүн, милиция штаттык режимде иштеп жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда өзгөчө абал шартында иштеген милиция кызматкерлерине кошумча төлөм берүү боюнча маселе Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13