KELECHEK
rek

Сузакта сабалган аял 2-топтогу майып болгон

Сузакта сабалган аял 2-топтогу майып болгон

Видеодон алынган кадр.

Бул маалыматты Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү Абдикерим Мусаев бүгүн, 16-июнда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, сабалган аял бир нече жыл мурун жүрөгүнөн операция болгон. Басма сөз жыйынына Жалал-Абад облусундагы бейөкмөт уюмдар жана мамлекеттик мекеменин кызматкерлери катышты.

“Дильраба жалгыз эмес” аталышындагы жыйынга “Каниет” кризистик борборунун, “Акыйкаттык” уюмунун, “Данакер” майыптар коомунун, Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана милициянын өкүлдөрү катышты. Укук коргочулар жабыркаган аялды юридикалык коргоого алып, жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин күчөткөнүн билдирди. Облустук ички иштер башкармалыгы кордолгон аял тосмо арыз жазып бергенине карабай козголгон иш акырына чейин тергелип бүтөрүн маалымдады. Катышуучулар коомчулукту мындай иштерге кайдыгер карабай, үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга салым кошууга чакырды.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя Сузакта болгону аныкталган. Кийинчерээк 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Күйөөсү сот чечими менен 15 суткага камалган.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53