KELECHEK
rek

Сузактагы окуя боюнча райондук жетекчилердин жоопкерчилигин кароо маселеси коюлду

Сузактагы окуя боюнча райондук жетекчилердин жоопкерчилигин кароо маселеси коюлду

Сузактагы окуядан кийин тартылган сүрөт. Автору: Татьяна Зеленская.

Сузактагы үй-бүлөлүк зомбулук окуясы боюнча өкмөткө караштуу аялдар иши жана гендерлик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш онлайн жыйын өткөрдү.

Ага өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул маалыматты вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүн КСДП фракциясынын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Бул окуяга байланыштуу жыйында түрдүү сунуштар айтылды. Анын ичинде аялдарга психологиялык колдоону күчөтүү, Сузак районунун жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо, губернатордун соцтармакты көзөмөлдөгөн орун басарынын жоопкерчилигин кароо сунуш кылынды”.

Аида Исмаилова айылдарда кыз-келиндерди жумуш орду менен камсыз кылуу маселеси да көтөрүлгөнүн кошумчалады.

КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Айнура Осмонова парламенттин көпчүлүк коалициясынын жыйынында Сузактагыдай зомбулук окуялар дайыма эле болуп келе жаткан көрүнүш экенин белгиледи. Депутат аялдардын укугун, сабатын көтөрүү, жумуш орундары менен камсыз кылып, гендерлик өнүктүрүү боюнча иш алып барууну өкмөткө сунуш кылды.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн.

Окуя Сузакта болгону аныкталган. Кийинчерээк 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Күйөөсү сот чечими менен 15 суткага камалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13