KELECHEK
rek

Беларуста шайлоо өнөктүгүнө жети талапкер катышууда

Беларуста шайлоо өнөктүгүнө жети талапкер катышууда

Беларуста кол топтоо баскычынан кийин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген жети талапкер калды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) башчысы Лидия Ермошина билдирди.

Анын айтымында, чогулган колтамгаларды учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко, Белгазпромбанктын мурдагы жетекчиси Виктор Бабарико, Жогорку технологиялар паркынын мурдагы башчысы Валерий Цепкало, блогер Сергей Тихановскийдин жубайы Светлана Тахновская, экс-депутат Анна Канопацкая, «Чындыкты айт» коомдук бирикмесинин теңтөрагасы Андрей Дмитриев жана «Беларус социал-демократиялык партиясынын» төрагасы Сергей Черечень тапшырды. Сегиз киши президенттик жарыштан четтеди.

Ермошина кайсыл талапкер канча колтамга чогултканы боюнча так маалымат 30-июнга чейин аяктай турган текшерүүдөн кийин белгилүү болорун билдирди. Ал 22-июнга карата талапкер катары каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтер топтомун Бабарико гана тапшырганын кошумчалады.

18-июнда Виктор Бабарико өзүнүн демилгелүү тобун жетектеген уулу менен бирге кармалганы белгилүү болгон. Аларга кайсыл беренелер боюнча айып тагылганы айтылган эмес. Мамлекеттик көзөмөл комитети Бабарикону «мыйзамсыз ишмердүүлүктүн түздөн-түз уюштуруучусу жана жетекчиси» деп атаган. Мекеме башчысы Иван Тертель чет өлкөлөргө ири өлчөмдө акча чыгарып кетүү боюнча схема аныкталганын билдирген.

11-июнда Белгазпромбанктагы тинтүүдөн кийин «Салыктан качуу» жана «Кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20га жакын киши камакка алынган.

Бабарико 9-августка белгиленген президенттик шайлоодо Лукашенконун башкы атаандашы катары эсептелүүдө. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко алтынчы жолу президенттикке талапкерлигин коюп жатат. Оппозиция аны саясий атаандаштарына каршы репрессия баштады деп айыптоодо. Бабарико Белгазпромбанктын айланасындагы абалды кысым көрсөтүү аракети катары баалады. Лукашенко сырткы күчтөрдүн катышуусунда өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу боюнча ири план жокко чыгарылганын билдирүүдө.

Май айынан бери Беларустун бир катар шаарларында альтернативдүү талапкерлерди колдогон массалык акциялар өтүүдө. Алардын жүрүшүндө бир нече активист, саясатчы жана блогер 15 суткага камакка алынды.

Өткөн жумада Минскте кармалган активисттерге тилектештик билдирген акция өттү. Милиция кеминде 270 кишини кармады. Алардын арасында иш-чараны чагылдырып жүргөн «Азаттыктын» беларус кызматынын, Reuters агенттигинин, TUT.BY, Onliner.by сайттарынын жана башка басылмалардын журналисттери да бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24