KELECHEK
rek

Өкмөт: Дарыгерлердин кошумча маянасы төлөнгөн

Өкмөт: Дарыгерлердин кошумча маянасы төлөнгөн

Коронавирус жуккан бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы үч ай үчүн төлөнүп берилген. Эгерде кайсы бир кызматкерге кошумча акча тийбесе, бул үчүн ошол медициналык жайдын жетекчиси жооптуу.

Бул тууралуу 23-июнда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, мамлекет кепилдеген айлык маяна үзгүлтүксүз төлөнүп берилүүдө, коронавирус шартында иштегендерге кошумча акча да төлөндү:

"Биринчиден, кепилденген айлык маянаны төлөп берип жатабыз. Экинчиден, оорунун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине кошумча төлөм март, апрель жана май айлары үчүн депозиттик эсептерине которуп бергенбиз. Стационарда иштеген факт түрүндөгү бир күн үчүн дарыгерлерге 2300 сом, орто медперсоналга 2000 сом жана кенже медперсоналга 1800 сом төлөнүп берилиши керек. График боюнча иштеген ар бир саат үчүн дарыгерлерге 100, орто медперсоналга 90, кенже медперсоналга 80 сом төлөнүп берилет. Ал эми “Тез жардам” кызматында иштегендерге оору жуккан ар бир бейтап үчүн доктурга 600, орто медперсоналга 500 жана кенже медперсоналга 400 сом каралган".

Кыргызстанда 18-марттан 23-июнга чейин коронавирус 3519 адамга жукту, алардын 41и каза тапты, 2054ү айыгып чыкты.

Оору жуккандардын 604ү медицина кызматкерлери, алардын экөө каза тапкан.

Өкмөттүн чечимине ылайык, илдет жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом кенемте төлөнүп берилери айтылган.

Кепилденген айлык бюджеттен төлөнөт, ал эми кошумча маянаны өкмөт Саламаттык сактоо министрлигинде коронавирус башталганда ачылган атайын эсепке элден түшкөн акчадан төлөп берип жаткан.

Элден чогулган акчаны бөлүштүрүү менен атайын комиссия алектенип жатат. Комиссиянын акыркы жыйынында чогулган соңку 4,5 миллион сомдун баарын ооруканаларга медициналык жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жумшоо чечими кабыл алынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38