KELECHEK
rek

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу« Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2020-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам саламаттыкты сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын медициналык кызматкерлерине, анын ичинде өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилген учурларда кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө максатында иштелип чыкккан.

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзам 11-1-беренеси менен толукталып, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шаттарында саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган медицина кызматкерлерин жашаган жеринен алардын иштеген жерине чейин жана кайра унаа менен жеткирүүнү уюштурууга, саламаттыкты сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерин өзүлөрүнүн кесиптик милдеттерин коопсуз жүзөгө ашыруу үчүн зарыл жеке коргонуучу каражаттар менен зарыл көлөмдө камсыз кылууга жана талаптагыдай эмгек шарттары менен камсыз кылууга милдеттендирилген.

Бул берене менен кризистик кырдаалдан келип чыккан өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан жана өз ден соолугуна залал келтирүүнүн жогорку тобокелдигине дуушар болгон саламаттыкты сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, бирок ээлеп турган кызмат орду боюнча 4 маянадан кем эмес компенсация төлөнөөрү каралууда.

Өзүнүн кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып жаткан медицина кызматкерлерине оор жумуштар жана зыяндуу жана оор эмгек шарттары менен иштөө режими белгиленет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, бирок ээлеп турган кызмат орду боюнча 10 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

Медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда алган оорунун кесепетинен каза болгон учурда, анын үй-бүлөсүнө жабыр тарткандын 20 орточо жылдык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.

Эгерде медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда ал үчүн андан ары иштөө мүмкүнчүлүгүн же болбосо көрсөтүлгөн жагдайларда ооруларга чалдыккандан кийин 1 жыл өткөнгө чейин жокко чыгарган ооруларга чалдыкканда, ага бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.

Ошондой эле бир жолку акчалай жөлөкпулдардын суммалары саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөөрү белгиленген.

Кабыл алынган мыйзамдын 11-1 беренесинин жоболорунда жеке жана аралаш менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине, эгерде алар ушундай шарттарда ишке тартылган болсо толук колдонулат деп каралган.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзам менен «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-беренесине түзөтүүлөр киргизилүүдө. Анда саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары өз каражаттарынын эсебинен медицина кызматкерлерине кесиптик ишине байланыштуу эмдөөгө, оорулардан дарыланууга кеткен чыгымдарын мыйзамдарда аныкталган өлчөмдө төлөйт, ошондой эле мезгилдүү милдеттүү медициналык кароолорду өткөрүүнү камсыз кылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53