KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Премьер-министри Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады.

Өкмөт башчысы Республикалык штаб, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бишкек мэриясы, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматы боюнча, бүгүн кечке чейин бир катар окуу жайлардын жатаканаларынын базасында 750 койко-орун жана «Манас» аэропортунан 400 кошумча койко-орун даяр болот.

Ыкчам медициналык жардам кызматтарынын ишмердигинин потенциалын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги маселеси медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттерин жана ординатурада окугандарды мобилизациялоо аркылуу чечилип жатат.

Ал калкка медициналык кеп-кеңеш берүү бөлүгүндө «118 түз байланыш» кызматынын ишмердиги күчөтүлгөндүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге Премьер-министр, пандемияга карабастан, мамлекеттин бардык социалдык милдеттемелери аткарылып, анын ичинде социалдык төлөмдөр жана айлык акылар өз маалында төлөнөөрүнө ишендирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө эң биринчи кезектеги милдет вирустун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана бейтаптарды өз убагында кабыл алуу, аларды ооруканаларга жайгаштыруу экенин баса белгиледи.

Ошондой эле эпидемияга каршы иш-чараларды жалпы республика боюнча күчтөндүрүү зарыл.

Мамлекет башчысы тез арада ооруканаларда кошумча койко-орундарды даярдоо чараларына, коронавирус инфекциясы бар бейтаптарды дарылоо үчүн жаңы медициналык мекемелерди кайрадан профилдештирүү жана медициналык кызматкерлерди мобилизациялоо мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурду.

«Коомчулук бардык маселелер боюнча толук жана так маалыматты Республикалык штабдан, адистерден алышы керек. Коомчулук менен кайтарым байланыш өтө маанилүү. Ошондо гана чыңалуу басаңдап, тынчсызданткан божомолдордун тарашын азайтууга болот», — деп баса белгиледи Президент.

Ал белгилегендей, өлкөнүн бардык жашоо-тиричилигин камтыган чөйрөлөр боюнча кыргызстандыктарды тынчсызданткан башка маселелер да көз жаздымда калбашы керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле күзгү-кышкы мезгилге жана мезгилдүү илдеттердин алдын алууга керектүү даярдыктарды көрүүгө чакырды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12