KELECHEK
rek

Өкүл Н.Мирзахмедов: “Жалал-Абад облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 1246 орундук даярдалды” (ФОТО)

Өкүл Н.Мирзахмедов: “Жалал-Абад облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 1246 орундук даярдалды” (ФОТО)

Быйылкы жыл жаңыргандан баштап дүйнө жүзүндөгү 200гө жакын мамлекетти таажы илдети каптап, пандемия шартында жашап жатышат. Ушундай оор кырдаалда социалдык-экономикалык тартыштыктарга карбай, экономика токтоп калбастан, иш өз нугунда жүрүп  жатканын байкоого болот.

Кыргызстанда азыркы учурда таажы илдети жана өпкөнүн кагынышы күч алып, адам өмүрүн алган фактылар да улам өсүп жатат. Мамлекет башчынын талабы боюнча жер-жерлерде мындай коркунучтуу дарттын алдын алуу жана бейтаптарга алдын ала жардам көрсөтүүнү күчөтүү зарылдыгы турат. Ал талаптын негизинде таажы илдети арбын чыккан аймактарда кошумча орундуктар түзүлүп, бейтаптарды дарылоо үчүн күндүзгү стационардык борборлор ачылып жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (КРӨ) Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирзахмедов Нурболот Сабыржанович 2020-жылдын январь-май  айларында облустун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жана учурдагы ачылып жаткан стационардык борборлор боюнча биздин бир нече суроолорубузга жооп берди.

- Нурболот Сабыржанович, Жалал-Абад облусу боюнча учурда ачылып жаткан  стационардык борборлор боюнча маалымат берип кетсеңиз?

- Жалал-Абад облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 1246 орундук даярдалды. Бүгүнкү күндө облустун аймагындагы бардык район-шаарларда атайын орундуктар даярдалып, тейлөөлөр башталды. Ар бир райондун бардык айыл өкмөтү өлкөдөгү кырдаалдын өзгөрүүсүнө даяр болушу керек. Мындан улам жергиликтүү бийликтегилер жер-жерлерде талапка жооп берген имараттарды дезинфекциялап, атайын орундуктарды даярдоо менен бирге мобилдүү топтор уюштурулду.

Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационардык борборго 180 орун даярдалды. Эки күндө 146 жаран кайрылып, керектүү кеңештерди алып, дарыланып кетишти. Аталган борборлор саат 08:00 баштап 20:00 гө чейин иш жүргүзөт.

Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарында “Газпром” ден-соолукту чыңдоо борбору күндүзгү стационарга ылайыкталып, 100 орундук даярдалды. Алдын алуу багытында уюштурулган бул жайга үй шартында дарыланып жаткандар жана оорунун белгилери байкалгандар кайрылса болот. Аларга дарыгерлер тарабынан медициналык жардам көрсөтүлөт. Күндүзгү стационар буга чейин Жеңиш эс алуу багындагы Раатбек Санатбаев спорт мектебинде да түзүлгөн. Учурда күн сайын жарандар кайрылып, тиешелүү жардамдарды алып жатышат. Илдетке каршы турууда жеке ишкерлерди, ыктыярчыларды көмөккө тартуу боюнча да иштер жүрүүдө.

Ал эми Сузак районунда азыр эки точкада жүз орунга ылайыкташкан күндүзү дарылоо жайы ачылды. Сузак айылындагы Манас атындагы орто мектебинин спорт залында элүү орундуу, Мичурин атындагы орто мектептин спорт залында элүү орундуу жай даяр болду. Жалпы район боюнча 250 орун камдалат. Ал эми кошумча жайды төшөнчү орундар, керебет жана тиешелүү жабдыктар менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги камсыз кылды.

Урматтуу облустун тургундары, ден-соолугуңуздарды тобокелге салбай, адамдар көп чогулган жерге барбай, санитардык эрежелерди сактаңыздар!

- Ооруканаларда орундуктар жетиштүүбү?

- Жалал-Абад облусу боюнча инфекциялык бөлүмдөрдө 399 орундук болсо, кошумча 854 орундук даярдалды. Жалпы 1253 орун бар. Облус боюнча, жалпы жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү орундук 1253тү түзөт. Жалал-Абад облустук биргелешкен оорукананын жугуштуу оорулуулар бөлүмүндө 65 оорулуу дарыланууда. Анын ичинен 10 коронавирус илдети менен жаткырылган болсо, 55ине пневмония диагнозу коюлган. Мындан сырткары дагы 55 орун даярдалды.

Облус боюнча 372 даана кычкылтек концентратору бар. Учурда облустук ооруканада 31 даана кычкылтек концентраторлору иштеп жатат. Булардын ичинен Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан 4 даана кычкылтек концентраторун алып бердик. Бүгүнкү күндө да демөөрчүлөр тарабынан дагы алынуусу күтүлүүдө. Облустун бардык район-шаарларындагы ооруканаларда инфекциялык бөлүмдө орундар бар.

Облустагы ооруканаларга кошумча 300 даана кычкылтек концентратору керектелет. Дарыгерлер колдонуп жаткан 372 концентраторлордун 23ү иштебей турат. 8-июлга карата Жалал-Абад облусунда өпкөнүн илдети жуккан 26 жаңы учур аныкталды. Облуста бул ооруну жалпысынан 501 адам жугузган. Алардын ичинен 100дөй киши дарыланып жатат.

- Эми үстүбүздөгү жылдын беш айынын жыйынтыгы менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө кыскача токтолуп өтсөңүз?

- 2020-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгында “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын иш-чаралар планынын алкагында облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында КРӨнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, райондук мамлекеттик администрациялар, шаардык мэриялар, облустук мекеме-уюмдар, ишканалар, ишкердик чөйрөсү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бир топ иштерди турмушка ашырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы №171 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Жалал-Абад облустунда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча облустук ыкчам штабын түзүү жөнүндө” 2020-жылдын 3-апрелиндеги №94-б буйругу боюнча көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу облустун аймагында калкка жана экономика тармактарына электр энергиясын жеткирүү, санитардык тазалыкты камсыз кылуу, жаратылыш газын жеткирүү, жашылдандыруу, таза суу, сугат  суу берүү, ветеринардык фитосанитардык кызматтарды көрсөтүү, жазгы талаа жумуштарын ишке ашыруу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өзгөчө абалдын иш-чараларын аткаруу ишканаларынан,  азык-түлүк товарларын саткан соода түйүндөрүнөн башка (өнөр жай, курулуш, акылуу кызмат көрсөтүү, соода, жүргүнчүлөрдү ташуу ж.б.у.с) облус боюнча жалпысынан 7193 субъектин ишмердүүлүгү  убактылуу токтотулган. Алсак, өзгөчө абал киргизилген Сузак районунун аймагында 208 азык-түлүк жана турмуш-тиричилигине күнүмдүк керектелүүчү заттар  саткан  аралаш дүкөндөр, Жалал-Абад шаары боюнча азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды саткан 3 базар, 25 ири соода түйүндөрү  27 дүкөнчөлөр иштеп, калган субъектердин жана соода, акылуу кызмат көрсөтүү түйүндөрүнүн, жүргүнчү ташуу, өндүрүш тармактарынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган.

Натыйжада, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн ичинен негизги капиталга инвестицияларды тартуу, рыноктук кызмат көрсөтүү, автотранспорт менен жүк жана жүргүнчү ташуу, чекене товар жүгүртүү жана акылуу кызмат көрсөтүү кескин төмөндөп, өсүү темпи камсыздалбай калды.

2020-жылдын беш айда салыштырма баада, өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси -101,4 %, айыл чарбасынын  өсүү темпи салыштырмалуу баада -102,3%, негизги капиталга инвестицияларды тартуу – 75,8%,  автотранспорт менен жүк ташуу -82,3%,  жүргүнчүлөрдү ташуу -50,9%, рыноктук  кызматтардын  көлөмү -75,5%, чекене товар жүгүртүү -75,0%, акылуу  кызмат  көрсөтүү 90,1%  аткарылды. 

Жалал-Абад облусу боюнча 11618,1 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи  101,4 пайыз болду. Жалпы республиканын көлөмүнөн облустун үлүшү 9,4 % түздү. Ал эми, текстиль жана тигүү -153,3 %, негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү -191,8 %, башка металл эмес минералдык продуктыларын өндүрүү-121,7%, түрдүү өнөр жайдын башка тармактары  -101,0 % га  аткарылды.

Нефти мунай затын жана жаратылыш газын өндүрүү  үстүбүздөгү жылдын  январь-май айында 1641,2 млн. сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 123,2 пайызды түздү. Нефтини өндүрүү көлөмү 108,0 миӊ тоннаны түзүп,  өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,1 миӊ тоннага көп өндүрүлгөн.

Көмүр өндүрүү тармагында 5 айда 104811,8  тонна көмүр казып алынып, өткөн жылга салыштырмалуу  56209,4 тоннага көп өндүрүлдү, же физикалык көлөмдүн индекси 215,7 пайызга  аткарылды.

- Жаңы жылдан бери канча жаңы ишкана ишке кирди ?

- КР Өкмөтүнүн  тапшырмасы боюнча, 2020-жылдын 1-июнуна карата облустун аймагында 14 жаңы ишканалары ишке киргизилди. Анын ичинен өнөр жайы 2 (жумуш орду 14), айыл чарба 1 (11), соода-сатык 4 (9), кызмат көрсөтүү 7 ( 49), (анын ичинен кызмат көрсөтүүсү-2, курулуш куруу кызматы 3, транспорттук кызмат 2).  Жалпысынан 83 жумуш орун түзүлдү . Атап айтсак:

  • Сузак районунда – 1 өнөр жай,  10 жумуш орун.
  • Тогуз-Торо районунда – 1 айыл чарба,  11 жумуш орун.
  • Токтогул районунда – 8 кызмат көрсөтүү, 4 жумуш орун.
  • Жалал-Абад шаарында – 1 өнөр жай, 5 кызмат көрсөтүү, соода-сатык 4, бардыгы 58 жумуш орун түзүлдү.

- Кичи жана орто бизнес ишканалары боюнча да токтолсоңуз?

- Жалал-Абад облусу боюнча кичи жана орто бизнес ишканалар өндүргөн продукциянын көлөмү 243,1 млн. сомду түзүп, 2019-жылдын январь-май айына салыштырмалуу 155,2% аткарылган.

Кичи жана орто бизнес ишканалары өндүргөн өнөр-жай продукцияларынын көлөмүнүн өсүүсү, негизинен 7 райондо камсыз болгон. Ал эми, Базар-Коргон району боюнча, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу -7,6 млн. сомго, же 76,0%, Жалал-Абад шаары -9,8 млн.сомго, же 12,5%, Кара-Көл шаары -0,8 млн.сомго, же 21,2% төмөндөгөн.

Ошондой эле, кичи ишканалар продукция  өндрүүнү 203,6 млн. сомго аткарып, өткөн жылга салыштырмалуу 174,7% түзүп, 80,1 млн. сомго көп аткарылган. Жалпы облус боюнча кичи өнөр жай ишканалардын өндүргөн продукциясынын көлөмүн артка тарткан Ала-Бука району, Базар-Коргон району, Жалал-Абад шаары жана Кара-Көл  шаарынын көрсөткүчтөрү таасирин тийгизди. Төмөндөөнүн негизги себеби, Базар-Коргон районунда эмерек чыгаруучу ишканалар -0,4 млн.сомго продукцияны аз өндүрүшкөн. Ал эми, бут кийим чыгаруучу ишкана өткөн жылы төрт айында 7,5 млн.сомдук продукция өндүрүшкөн, ушул жылдын январь-май айында учурдагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу убактылуу токтоп турат.

- Облус боюнча айыл чарба тармагында кандай иштер аткарылып жатат?

- Үстүбүздөгү жылдын январь-май айында, облус боюнча айыл чарбасынын, аңчылык жана токой чарбасынын дүң продукциясы 8241,8 млн. сомдук  продукция  өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу баада 102,3% жана физикалык көлөмдүн индекси 102,4% аткарылды. Жалпы республикада өндүрүлгөн айыл чарба продукциясындагы облустун үлүшү –17,5 пайызды түзөт.

Мал чарба продукцияларын өндүрүү: эт (тирүүлөй салмакта) 23190 тонна өндүрүлүп, 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 375 тоннага, божомолго карата 284 тоннага көп өндүрүлдү. Сүт 108634 тонна өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3520 тоннага, божомолго карата 2469 тонна жогору болду.  Жумуртка 29565 миӊ даана өндрүлүп, 2019-жылдын январь-май айына салыштырмалуу 1070 миӊ даанага, божомолго салыштырмалуу 785 миӊ даанага көп  өндүрүлдү. 

Жаздык себүү облус боюнча 95594 гектарды түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2947 гектарга кем себилди. Себеби,  Сузак районунда 3 033 гектарга, Тогуз-Торо районунда  430 гектарга, Чаткал районунда 180 гектарга аз себилген.

Дан эгиндеринин себилген аянты 45288 гектарды түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1314 гектарга көп болгон. Дан буурчактуулардын себилген аянты 414 гектарды түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 43 гектарга кем себилди.

Азык түлүк бакчасынын себилген аянты 3 миң 952 гектарды түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 164 гектарга (104,3%) көп себилди. Тоют өсүмдүктөрүнүн облус боюнча себилген аянты 11 894 гектарды түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3 442 гектарга (140,7%) көп себилди.

- «Айыл Банк» ААКу аркылуу облустун айыл чарба товар өндүрүнчүлөрүнө кандай насыялар берилүүдө?

- 2020-жылдын 15-июнуна карата «Айыл Банк» ААКу аркылуу облустун айыл чарба товар өндүрүнчүлөрүнө жалпысынан 30 айыл чарба техникалары анын ичинен, 25 трактор, 1 жүктөгүч жана  4 айыл чарба шаймандары лизинг шарттарында берилген.

Ошондой эле, “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоорунун алкагында облустун айыл чарба товар өндүрүүчү 1185 субьектиге жалпы суммасы 641 млн. 112 миң сом жеңилдетилген 10% жана кайра иштетүү тармагына 6% насыялар берилген. Анын ичинен, талаачылыктагы 209 субьект 134 млн. 331 миң сом, мал чарба багытында 964 субьект 386 млн. 281 миң сом, кайра иштетүү тармагындагы 12 субьект 120,5 млн. сом насыяларды алышкан.

- Саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштерине да токтолуп кетсеңиз?

- Саламаттыкты сактоо мекемелери калкка медициналык жана санитардык жардамдардын сапатын, мамлекеттик кепилдик программасынын негизинде медициналык шарттарды, милдеттүү түрдө медициналык камсыздоо системасынын сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иш жүрүп жатат.

Облус аймагындагы 1664 дарыгер жана 6151 кенже медициналык кызматкер эмгектенип, дарыгерлер менен камсыздоо көрсөткүчү 10 миң калкка карата 13,4 түздү. Орто медициналык кызматкерлер менен камсыздоо көрсөткүчү 10 миң калкка карата 51,2ды түзөт. 

2020-жылдын 1-июнуна  карата облус боюнча 11080 жаш бала төрөлүп, 133 бир жашка чейинки балдардын өлүмү катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 35 балага аз болуп, балдар өлүмүнүн көрсөткүчү (ПМС) 12,1 түздү же былтыркы жылдын салыштырмалуу мезгилине  карата  2,6 көрсөткүчкө азайган. (2019-жылдын 1-июнуна карата облус боюнча 11559 жаш бала төрөлүп, 168 бир жашка чейинки балдардын ѳлүмү катталып, ПМС 14,7 түзгөн).

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата 3 эненин өлүмү катталды. (2019-жылы 1-июнга карата 4 эненин өлүмү катталган)

Кургак учук оорусу менен жаңы катталгандардын саны 2020-жылдын 1- июнуна карата облус боюнча 319 адам болуп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 52 адамга аз.

ВИЧ инфекциясына 2020-жылдын 1-июнуна карата облус боюнча 24 адам жаңы чалдыгып катталды жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 адамга аз.

Жалал-Абад облусунун калкын медициналык жактан тейлөөнү жана сапаттуу жардам көрсөтүү максатында Германия мамлекетинин колдоосу менен облустук клиникалык ооруканасынын жабдыктары менен сметалык наркы 3 млн. евро болгон медициналык ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн имаратынын, республикалык бюджеттен Жалал-Абаддагы 110 орундуу балдардын психоневрологиялык стационардык мекемесинин имараттарынын курулуштары аяктап, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Ал эми, Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 14 млн. сомдук Ала-Бука аймактык ооруканасынын 20 койкалуу структуралык бөлүмүнүн жана республикалык бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 76368,4 миң сомдук 100 орундуу 2 кабаттуу облустук клиникалык ооруканасынын бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынын курулуш иштери жүргүзүлүүдѳ.

- Пандемия учурунда өзгөчө абал киргизилген калктуу конуштарда жашагандарга азык-түлүктөн кандай жардамдар берилди?

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өзгөчө абал киргизилген калктуу конуштарда жашаган  азык-түлүккө  муктаж болгон 94607 социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси такталып, аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун эсебинен 47086 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун берилди. Ал эми, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдердин резервдик фондунан жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10324  жана  спонсордук жардамдын эсебинен 36157 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги №128-б буйругуна ылайык облус боюнча турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга  өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын мезгилинде акысыз материалдык колдоо максатында, коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоого байланыштуу Сузак району, Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларындагы 22 миң 973 жардамга муктаж үй-бүлөлөргө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 18 млн. 378 миң 400 сом акча каражатына пакеттер даярдалып, таркатылды.

Облустагы эпидемиологиялык кырдаалга  байланыштуу иш-чараларды жүргүзүүгө  облустук клиникалык ооруканасына, облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнө, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларындагы жана облустун аймагындагы калктын аярлуу катмарына (жакыр үй-бүлөлөргө) жардам көрсөтүү максатында,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунун эсебинен 2 млн. 301 миң 400 сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Жалпы облус боюнча жардамга муктаж 121 миң 600 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

- Билим берүү тармагында дистанттык окуулар кандай жүргүзүлдү?

- Облустун аймагындагы 474 жалпы билим берүү мектептерде жалпы 238 миң 723 окуучу, анын ичинен, 464 мамлекеттик мектептерде 234 миң 242 окуучу, 8 жеке менчик мектептерде 3572 окуучу, 2 кыргыз-түрк лицейлеринде 909 окуучу билим алышты.

Облустун аймагында жалпы 474 мектеп болсо, анын ичинен интернет булагына туташтырылган мектептердин саны 461 түзүп (анын ичинен 319 мектеп кабел менен Кыргызтелеком аркылуу, 142 мектеп модем), камтуу көрсөткүчү 98,7% түздү.

Окуучулардын тартибин көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында облустун 344 жалпы билим берүүчү мектептерине видео байкоочу камералары жергиликтүү бюджеттин, демөөрчүлөрдүн жана ата-энелердин жардамы менен орнотулган. Ошондой эле, облустун аймагында 6 мектеп: Сузак районунда 4, Базар-Коргон районунда 2 мектеп “Зордук-зомбулуксуз мектеп” долбоору менен иштеп жатышат.

Регионду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында электрондук системаны ишке киргизүү максатында Жалал-Абад шаарынын билим берүү бѳлүмү аркылуу шаардагы пилоттук 21 мектепке чейинки билим берүү мекемелерине электрондук кезек менен балдарды кабыл алууга даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облусундагы 474 жалпы билим берүүчү мектептерде окуган  238 миң 723 окуучулар 2020-жылдын 8-апрелинен баштап 4-чейректин окуу программалары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн расписание боюнча 480 сааттык “Наристе” программасы жана 1-4-класстардын окуучулары үчүн “Баластан КТРК” каналы аркылуу, ал эми 5-11-класстардын окуучулары үчүн “ЭлТР”, “Санат”, “Пирамида”, “5-канал” аркылуу эрте мененки саат 9-00дөн 16-00гө чейин дистанттык негизде окутулду.

Облустун аймагындагы жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдүн   балдарын аралыктан окутууга  жергиликтүү өз алдынча башкаруу, билим берүү органдары тарабынан 3063 байланыш телефон (смартфон), 964 телевизор алып берилип, билим алууга шарттар түзүлдү. Дистанттык формада окутууну ишке ашыруу максатында “Мегаком” компаниясы облусагы мугалимдер үчүн акысыз түрдө 11000 жаӊы симкарталар менен камсыздап, 3040 мугалимдин  симкарталарын акысыз байланышка туташтырып берди.

Ошондой эле, БУУ азык түлүк программасынын, Мерсико Эл аралык уюмунун алкагында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен Жалал-Абад облусу боюнча 235 мектептин окуучуларына бир жолу ысык тамак берилүүгө жетишилди. Анын ичинен БУУ азык түлүк программасы тарабынан 116, Мерсико Эл аралык уюму тарабынан 119 мектеп ысык тамак менен камсыздалды. Жалпы облус боюнча окуучуларга  ысык тамак берген  мектептер 49,5%ды түзүп,  өткөн жылга салыштырмалуу 24,1%га өскөн.

Жалал-Абад облусунун аймагында республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу, курулушу көп жылдан бери токтоп турган 5 жалпы билим берүүчү мектептердин курулуштарын бүткөрүү зарыл, алар: Сузак районундагы №44 Фуркат атындагы, Абдыкаимов атындагы, Токтогул районундагы Казатов атындагы, Ала-Бука районундагы Жаңы-Шаар, Ноокен районундагы Кызыл-Кыштак атындагы орто мектептери.

Ал эми облустун аймагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу чыгарылган 42 имараттары авариялык абалдагы мектептер бар. Алар: Аксы -3, Ала-Бука-6, Базар-Коргон-7, Ноокен району-2, Сузак району-11, Тогуз-Торо району – 1, Токтогул-7, Чаткал районунда -2, Жалал-Абад шаарында -1, Кара-Көл шаарында – 2.

- Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды азайтуу максатында кандай иштер аткарылууда?

- Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды азайтуу жана алдын алуу максатында жалпы билим берүүчү мектептерде жана билим берүү мекемелеринде 2020-жылдын 1-июнуна карата 70 жолу профилактикалык рейддеру юштурулуп, жыйынтыгында 243 жашы жете элек өспүрүм аныкталган. Беш ай ичинде 436 жашы жете элек өспүрүм каттоодо турат. 2020-жылдын 1-июнуна жашы жете элек өспүрүмдөр профилактикалык 300 каттоого коюлуп, 264 (2019-ж.466) жашы жете элек өспүрүм профилактикалык каттоодон чыгарылган. Жасалган иштер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына 122 (2019-ж.54) жолу чагылдыруулар уюштурулган.

Жалпы облус боюнча өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун саны үстүбүздөгү жылдын  1-июнуна карата  22 (2019-ж.59) кылмыш катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 37 кылмыш фактысына аз.

- Кызыктуу маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38