KELECHEK
rek

Жалал-Абад ОИИБи: Сузакта өзгөчө мыкаачылык менен кайненесин бычактаган шектүү кылмыш изи сууй электе кармалды

Жалал-Абад ОИИБи: Сузакта өзгөчө мыкаачылык менен кайненесин бычактаган шектүү кылмыш изи сууй электе кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 1-июль күнү саат 08:00 чамасында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун айылдарынын биринен адамдын өлүгү менен байланышкан кылмыш туурасында чакыруу келип түшкөн.

Чакыруу боюнча окуя болгон жерге РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана жетекчилиги толугу менен барган учурда короодо ошол үйдүн тургуну 1957-ж.т. О.О. (аял киши) киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган жана тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар 01.07.2020-ж. Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин  130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чеийинки өндүрүш иши башталып, каза болгон аял кишинин жансыз денесине  карата, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

О.О.нун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинде 16 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган.

Мындан  сырткары каза болгон  жарандын күйөөсү дагы 1954-ж.т. О.Д. денесинен жаракат алып  3 жолу (кесилген) бычак сайылып,  аймактык ооруканага жаткырылган. 

Окуя болгон жерди кароо учурунда бычак, атайын көздөрү оюлуп-тилинген шапкадан жасалган маска жана башка тиешелүү буюмдар алынып, аларга карата соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.

Кылмыштын изин суутпай Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катарында маркумдун күйөө баласы Сузак районунун тургуну  2002-ж.т. Т. А. жашынып жаткан жеринен кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Алдын ала алынган маалыматка караганда бул шектүү жаран акыркы 2 айдан бери кызганычтын айынан жубайын тынбай уруп-сабап жаткандыктан ата-энесинин үйүнө келе берген. 29-июнь күнү күйөөсү аны алып кетемин деп келгенде апасы О.О. кетирбей койгон. Кетип жатып күйө баласы “болбосо өлтүрөмүн” деген сөзүн белгилеп, коркутуп кеткен. 1-июлга караган түнү саат 00:15 чамаларында атайын шапкадан маска жасап тагынып алып келген.  Азыр сүйлөшө албайбыз, күндүзү кел деп жооп кайтарышканда, ал колундагы бычагы менен жубайынын атасын, андан соң апасын  бир нече жолу сайып оор жаракат келтирген. Жубайын скотч менен колун, оозун байлап күч колдонуп үйүнө алып барып коюп, өзү бекинип жашынып алган.

Учурда аталган кылмыш боюнча шектүү жаран Сузак РИИБдин УКЖна киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...