KELECHEK
rek

БУУ: Орусиянын Сириядагы аба соккуларын аскердик кылмыш деп эсептесе болот

БУУ: Орусиянын Сириядагы аба соккуларын аскердик кылмыш деп эсептесе болот

Идлиб провинциясындагы Ариха шаары. 4-май 2020-жыл

Сирия менен Орусиянын Идлиб провинциясындагы мектептерге, ооруканаларга жана базарларга жасаган аба соккуларын аскердик кылмыш катары баалоого болот. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сириядагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн көз карандысыз комиссиясынын баяндамасында жазылган.

«Марттагы элдешүү жараянына чейинки өкмөттүк күчтөрдүн ылгабастан жасаган аба соккуларынан жүздөгөн адам мерт болуп, миллионго жакын тургун үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Бул адамзатка каршы жасалган кылмышка тете», — деп жазылган баяндамада.

Комиссиянын башчысы Пауло Пиньейрунун айтымында, БУУ террордук деп тапкан өкмөтчүл күчтөр Сирияда согуш мыйзамдарын жана жарандардын укуктарын одоно бузушкан.

Баяндамада Сириянын түндүк-батышындагы 52 чабуул жөнүндө жазылып, алардын 47син өкмөттүк күчтөр Орусиянын колдоосу менен жасаганы белгиленген.

Мындан тышкары 5-мартта Маарет-Мисрин шаарына жакын жердеги качкындар жайгашкан канаттуулар фабрикасына, 29-январда жикчилдердин көзөмөлүндөгү Ариха шаарындагы оорукананын жанына бир нече сокку жасалганы жазылып, булар үчүн жоопкерчилик Орусиянын аскердик авиациясына жүктөлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...