KELECHEK
rek

COVID-19: Бишкекте оору жугузгандар тез көбөйүүдө, пневмония боюнча көрсөткүч начар

COVID-19: Бишкекте оору жугузгандар тез көбөйүүдө, пневмония боюнча көрсөткүч начар

Азиз Суракматов.

Бишкек шаарында соңку эки жумадан бери коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп турат. Бул тууралуу 8-июлда баш калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча ооругандардын дээрлик жарымы Бишкекте, пневмонияга чалдыккандар мурдагы жылдарга салыштырганда бир нече эсе көп болуп жатат

«Оору жугузуп алгандар тез көбөйүп жатат, - деди ал. - Акыркы эки жумада кырдаал начарлай баштады. Бишкекте коронавирус менен ооругандар 3617 адам. Бул республика боюнча бардык ооругандардын 42%. Пневмония болгондор тез көбөйүп жатат. Акыркы жылдарга салыштырганда бир нече эсе көп».

Мэрдин айтымында, конуштарда да абал начар болуп турат, ал жакта коронавируска чалдыккандар 680 адам болду.

Суракматов сасык тумоо болуп же өпкөсүнөн кагынып ооругандар жаңы ачылып жаткан күндүзгү стационарларга кайрылышы керек экенин айтты. Мындай стационарлар бир нече күн мурда ар бир райондо бирден ачылган. Бүгүн дагы кошумча ачылып жатат.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын ортосунда башталган. Ошондон бери коронавирус 8486 адамдан табылып, алардын 112си кайтыш болду. Пневмония деген диагноз 3695 адамга коюлду, алардын ичинен 268 бейтап көз жумду. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38