KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Өлкөбүздүн бардык жарандарындай эле мен биздин врачтардын кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем

Президент Сооронбай Жээнбеков: Өлкөбүздүн бардык жарандарындай эле мен биздин врачтардын кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, Бишкек шаарындагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү максатында жарандарды кабыл алууга ачылган күндүзгү стационарга барды.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө борбор калаада мындай төрт стационар иштеп жатат, дагы бешөө ачылууда.

Бул алардын бирөөсү, мында жарандар алгачкы медициналык жардам жана консультация алуу үчүн кайрыла алышат.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириктирилген Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Мунаркан Өмүралиева жарандарды кабыл алуунун, алгачкы жардам көрсөтүүнүн бардык шартын айтып беди. Бейтаптардын ыңгайы үчүн стационардын аймагында аптека дагы иштеп жатканын билдирди. Ал күндүзгү стационарлар жаңы түзүлгөндө болгон кемчиликтердин баары иликтенип чыкканын белгилеп, илдетти жеңип чыгаарыбызга ишенимин билдирди.

Мунаркан Өмүралиева стационарларда врачтар бардык зарыл нерселер, анын ичинде жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалганын маалымдады.

Дарыгерлер менен баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаада стационарлар өз маалында ачылгандыгын белгиледи, анткени буга чейин жарандар медициналык кеп-кеңеш жана алгачкы жардамга муктаж болуп, эл арасында тынчсыздануу жаралган.

«Стационарлар, албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Азыркы кырдаал калктын саламаттыгына кандай коркунуч бар экендигин көрсөтүүдө. Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда курч сезилүүдө. Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүүлөр болгондой комплекстүү клиника курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана куруу үчүн каражат бөлүүгө кызыкдар инвесторлор бар. Мындай заманбап ооруканалар бардык облустардын борборлорунда курулат», — еп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана Бишкек мэриясы борбор калаанын аймагынан заманбап комплекстүү клиника куруу үчүн жер тилкесин караштырып жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо системасындагы көйгөйлөр баарына эле белгилүү экенин, саламаттыкты сактоонун абалы жөнүндө маселе Коопсуздук кеңешинин кароосуна даярдалып жатканын белгиледи. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ал маселе кийинчерээк каралат. Ошону менен бирге Президент кандай гана кырдаал болбосун саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүү процесси токтоп калбастыгын жана жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүнүн адам факторун жоюуда, жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүдө жана акчаларды көмүскөдөн чыгарууга, натыйжада медиктердин айлык акысын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдөгү маанисин дагы бир жолу белгиледи. 

Мамлекет башчысы баарлашууда дарыгерлерге өз жанын аябай, жасап жаткан эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

«Мен өлкөбүздүн бардык жарандарындай эле биздин врачтардын кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем. Өз ден соолугуңарга коркунуч келип турганына карабастан, сиздер мекендештердин саламаттыгы үчүн иштеп жатасыздар. Мен силердин көзүңөрдөн чарчап-чаалыгуу, коркууну эмес, жалынды, мээримдүүлүктү жана ишенимди, элге жардам берейин деген каалоону көрүп турам. Бул мага дем берет. Биз баарыбыз биримдикте кыйынчылыктарды жеңерибизге ишенем», — деп ыраазычылык менен белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12