KELECHEK
rek

Алтынай Өмүрбекова суракка чакырылды

Алтынай Өмүрбекова суракка чакырылды

Алтынай Өмүрбекова.

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коррупцияга жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөө фактысына байланыштуу иш боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) 9-июлда маалымдады.

Финпол ошондой эле коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгына иштөө фактысы боюнча иш бирдиктүү реестрге март айында катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошонун негизинде тергөө жүрүп жатат.

Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ал Финполго суракка саат 14:00гө чакырылган:

“Мага суракка чакырылганым тууралуу маалымдама кагазды кечээ берип кетишти. Кандай маселе тууралуу чакырылганым жөнүндө айтылган жок. Мен өзүм да март айындагы коррупциялык иштерге жана фармкомпаниялардын кызыкчылыгына иштөө фактысы боюнча сурак болорун маалымат каражаттары аркылуу билдим”, - деди Алтынай Өмүрбекова.

Финпол коррупцияга жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөө фактысына байланыштуу иш боюнча 6-июль күнү мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди да суракка алган. Мурдагы министр өзүнө карата коюлуп жаткан дооматтарга комментарий бере элек.

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 1-апрелде кызматтарынан бошотулушкан.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызматтан кеткен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы күрөштө бир катар кемчиликтерди кетиргенин белгилеп, алардын штаб түзүлгөндөн берки ишин сындаган.

Коопсуздук кеңеши коронавируска каршы ыкчам штаб жугуштуу илдетти өлкө аймагына киргизбөө, жайылышын ооздуктоо багытында өз убагында чара көргөн эмес деп эсептеген.

Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги отурумунда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен кошо «өз учурунда зарыл каражаттарды сатып алууга каржы бөлбөгөн» финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын, дарыгерлерге жасаган басымы үчүн УКМК жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жоопкерчилигин, ошондой эле мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин да жоопкерчилигин кароону сунуш кылган. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53