KELECHEK
rek

COVID-19: Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды

COVID-19: Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, 13-июлду коронавирустан каза болгон өлкө жарандарын эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Мамлекет башчы жакындарын жоготкон казакстандыктарга көңүл айтып, аларды бул оор күндөрдө чыдамдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Жарандар кол куушуруп отуруп калып, депрессияга алдырбашы керек. Биз эч кимди кароосуз калтырбайбыз, ар бир казакстандыктын өмүрү жана саламаттыгы үчүн күрөшөбүз», — деди президент.

Токаев жакынкы күндөрү дары-дармек жетишсиздиги жоюларын убадалап, жарандарды дүрбөлөңгө түшүп, ашыкча дары сатып алуу менен ажиотаж жаратпоого чакырды. Анын айтымында, ИВЛ аппараттары менен дары-дармек сатып алууга, медиктерге колдоо көрсөтүүгө жана башка чараларга кеминде 150 миллиард теңге бөлүнөт.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 51 миңден ашып, 264 бейтап каза болду. Өлкөдө 5-июлдан тарта карантиндик чектөөлөр кайра күчөтүлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52