KELECHEK
rek

БШК шайлоону уюштуруу үчүн кимге канча төлөнөрү тууралуу маалыматын жарыялады

БШК шайлоону уюштуруу үчүн кимге канча төлөнөрү тууралуу маалыматын жарыялады

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) парламенттик шайлоого жумшала турган акча боюнча маалымат берди. Мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматта канча сом кандай максатта коротулары, кимге канча төлөнүп берилери жазылды.

Аймактык жана участкалык 2464 шайлоо комиссиясы (анын 44ү чет өлкөлөрдө) түзүлүп, алардын 31483 мүчөсү болот. Участкалык комиссияларда иштөөгө 1846 оператор, коопсуздукту камсыз кылууга жалпысынан 4680 милиция кызматкери тартылат.

Айлык маянага Боршайкомго 23 миллиондон, Тышкы иштер министрлигине 2,8 миллиондон жана облустарга 193 миллион сомдон ашуун акча которулат.

Иш сапарларга 8 миллион, байланышка дээрлик 7 миллион, транспорттук чыгымдарга 25 миллион, чарбалык керек-жаракка 18 миллион жана башка чыгымдарга 132 миллион сом деп пландалды.

Ошентип, жалпысынан республикалык бюджеттен быйылкы парламенттик шайлоого 446 миллион 996 миң сом каралмай болду.

Финансы министрлиги бул өнөктүккө 560 миллион сом каралганын былтыр кабарлаган.

Кыргызстан парламенттик шайлоону быйыл 4-октябрда өткөрүүнү пландап жатат. Ага катышкысы келерин 44 саясий партия билдирди.

Айрым саясатчылар эпидемия учурунда шайлоо өткөрүүнүн кереги жоктугун айтып жатышат, ал эми Боршайком бул жараянды өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламент өз мөөнөтүндө шайланып, жаңы өкмөттү бекитерин 18-июлда айтты. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24