KELECHEK
rek

“Азаттык” пандемия курмандыктарынын алгачкы тизмесин жарыялады

“Азаттык” пандемия курмандыктарынын алгачкы тизмесин жарыялады

"Азаттыктын" коронавирустун курмандыктарын эскерүүсү

"Азаттык" радиосу коронавирус эпидемиясында каза болгон кыргызстандыктардын алгачкы эскерүү тизмесин өз алдынча түзүп жарыялады. "Пандемия: Кимди жоготтук?" тизмеси аркылуу "Азаттык" маркумдардын артында өмүр, тагдыр, из, үмүт, кыял, жакындарынын кайгысы калганын көрсөткүсү келди.

Эскерүү тизмесинде ага кирген алгачкы 170 адамдын ар бири жөнүндө чакан маалымат топтолду. Алардын арасында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан ондогон медицина кызматкерлери, илимпоздор, коомдук-саясий ишмерлер, мугалимдер, журналист, студент, акын, маданий ишмерлер, соттор, милиция кызматкерлери, чарба адистери, ишкерлер, дин ишмерлери, спорт өкүлдөрү, үй кожойкелери бар.

Алардын эң жашы 22, эң улуусу 91 жашта.

Тизме орус жана кыргыз тилдеринде azattyk.orgrus.azattyk.org сайттарына жайгаштырылды.

Пандемия курмандыктарын эскерүү тизмеси улам толукталып, табылган маалыматтар кошумча тиркелип турат.

20-июлдагы статистика боюнча коронавриус эпидемиясы Кыргызстанда жайыла баштаган март айынан бери бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыкты, 1 037 бейтап каза тапты. "Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...