KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Стационарлар сөзсүз керек, бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы курабыз (ФОТО)

Президент Сооронбай Жээнбеков: Стационарлар сөзсүз керек, бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы курабыз (ФОТО)

«Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 23-июлда, Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барган учурунда.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин маалыматына ылайык, күндүзгү стационар 100 орундукка ылайыкталган жана ачылган күндөн бери ага миңден ашуун адамдар жардам алуу үчүн кайрылган.

Медициналык кызматкерлер менен баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарга керектүү дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрөрүн белгиледи. Стационарларды дары-дармектер жана  медициналык каражаттар менен өз убагында жана толук камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.

Президент коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө негизги кыймылдаткыч күчкө айланган медицина кызматкерлерине дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы бир топ убакытка чейин аймакка коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө тоскоол болгон Талас облусунун жашоочуларынын катуу тартиби жана жоопкерчилигине жакшы баа берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков биргелешкен аракеттер менен вирустун жайылышын алдын алуу үчүн бардык аймактарда натыйжалуу чараларды көрүү керектигин баса белгиледи.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыкты.

Имарат 5 блоктон туруп, 160 орундукка ылайыкталган. Ал 2005-жылдан бери иштебей турат. Реконструкциядан кийин орундуктардын санын 300гө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Мамлекет башчысы жергиликтүү бийликти, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин имаратты реконструкциялоо боюнча ишти ыкчам жүргүзүүгө чакырды. Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө аймактардагы кароосуз калган имараттарды реконструкция кылуу жана заманбап оорукана катары багытын өзгөртүү үчүн ревизия жүргүзүү сунушталгандыгын эске салды.

Бардык облустарда комплекстүү ооруканаларды куруу, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында имараттарды модернизациялоо боюнча иштер башталат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12