KELECHEK
rek

Коронавирустан дагы үч медицина кызматкери каза болду

Коронавирустан дагы үч медицина кызматкери каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан дагы үч медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна алардын жакындары жана кесиптештери кабарлашты.

25-июлда 64 жашында Бишкектин №1 шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгери Бегайым Исакова көз жумду. Ал 1956-жылдын 6-июнунда Бишкекте туулган. Медицина академиясын 1979-жылы аяктаган. Кесиптештеринин айтымында, эмгек жолун ушул ооруканада терапевт дарыгер болуп баштаган. 1996-жылдан тартып өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бул медициналык жайдын чукул терапия бөлүмүн башкарып турган.

26-июлда 67 жашында коронавирустан Чүй райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Гүлжамал Жумубаева көз жумду. Кесиптештери "Азаттыкка" кабарлашкандай, Жумабаева 1953-жылдын 25-майында Кеминде туулган. 1976-жылы Медициналык академияны аяктаган. Чүй райондук ооруканасында алгач бөлүм башчы, кийин директордун орун басары болуп иштеп келген.

Бүгүн, 27-июлда 60 жаш курагында Ысык-Көл райондук ооруканасынын реаниматологу Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Маркумдун уулу Төлөгөн Сарбагыш уулу «Азаттыкка» билдиргендей, ал өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткан. Абалы оңолбогондуктан реанимобил менен Бишкекке жеткирилген. Иманалиев 1960-жылы 15-августта туулган. 1984-жылы Медициналык академияны аяктап, 1985-жылы Ысык-Көл райондук ооруканасында биринчи реаниматолог болуп иштей баштаган. Бул ооруканада өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин башкы реаниматолог болуп эмгектенген.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин сегиз медицина кызматкери каза болгонун кабарлаган.

Расмий эмес эсеп боюнча, кайтыш болгондордун саны 60ка чукулдады.

Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан, премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар бардык кыргызстандыктарга кайрылган жана эмгек өргүүсүндө жүргөндөрдү ишке чыгууга чакырган.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондоруна бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38