KELECHEK
rek

Базар-Коргондо ата-энеси автокырсыктан каза болгон 7 бир тууганга материалдык колдоо көрсөтүлдү

Базар-Коргондо ата-энеси автокырсыктан каза болгон 7 бир тууганга материалдык колдоо көрсөтүлдү

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун жана жоруктардын алдын алуу максатында "Укук, тартип" аталышындагы 2 күндүк профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында паспорттук эреже боюнча 167 кожолуктан турган  835 жаран текшерилди.

Рейд учурунда ар түрдүү укук, тартип бузуулар аныкталып, 63 адамга административдик протоколдор түзүлдү. Аталган райондун жана Сузак РИИБдин милициянын участкалык инспекторлору тарабынан өздөрү тейлеген аймактарындагы профилактикалык каттоодо турган адамдар текшерүүгө алынып, жаш өспүрүмдөр арасындагы ар кандай жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча тийиштүү жумуштар жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары Базар-Коргон РИИБнин жетекчилиги жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан ата-энеси автокырсыктан каза болгон 7 бир тууганга материалдык колдоо көрсөтүлдү. Милиция кызматкерлери Арстанбап айыл аймагында жашаган бир туугандарга онлайн окууларга катышууга керектелүүчү сыналгы, чөнтөк телефон, азык-түлүк жана шириндиктерди тапшырышты.

Ошондой эле район аймагында жашаган жарым жетим, тоголок жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү өспүрүмдөргө окуу куралдары жардам иретинде берилди.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53