KELECHEK
rek

Жазы-Кечүү айылы электр энергиясы менен камсыз болду (ФОТО)

Жазы-Кечүү айылы электр энергиясы менен камсыз болду (ФОТО)

Кечээ, 1-сентябрда Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр тармактарына кошуу аземи болуп өттү. Бул калктуу конушта 150 үй-бүлө жашайт, алардын ичинен 110 үй-бүлө Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жашоочулары болсо, 40 үй-бүлө Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочулары болуп эсептелет.

Бул айыл төрт тарабынан тоолор менен курчалып, жетүүгө кыйын болгон аймакта жайгашкан. Райондук борборго жетүү үчүн 110 километр аралыкты басып өтүү керек. Жол тоонун боорунда жайгашып, аянычтуу абалда. Кеч күздө жана кышында жаан-чачындын айынан райондук борборго баруучу жол толук жабылат.

Жарыяланган региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун тапшырмасы боюнча Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров өткөн жылдын күзүндө аталган айылга келип, түзүлгөн абал менен таанышкан.

Ушул жылдын 6-июнунда “Жалалабатэлектро” ААК өз күчү жана каражаттары менен биринчи электр зым тирөөчтү орнотуп, жумушту баштады.

Бардыгы болуп 654 электр мамычалар, анын ичинен: 10 кВ чыңалуудагы 479 даана , 0,4 кВ чыңалуудагы 175 электр мамычалар. 18 чакырымдан ашуун электр берүү чубалгылары коюлуп, 4 анкердик тирөөч орнотулду. Ошондой эле айылда 110 кВА кубаттуулуктагы 1 трансформатор жана 160 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатор орнотулду.

Эки айдын ичинде, компания бардык аракеттерди жасап, 6 бригаданы ишке салып, Жазы-Кечүү айылын электрлештирүү боюнча иштерди аяктады.

Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Көк-Арт РЭТтеринин адистери, ошондой эле жогорку чыңалуудагы электр жабдууларын тейлөө боюнча адистер бүткүл күчүн жумшап коюлган тапшырмаларды аткарууну аякташты.

Долбоордун жалпы сметасы 25 миллион сомду түздү.

Электр кубаты Сузак районунун Ак-Тоок айылындагы 35/10 кВ КЧ Кара-Көл фидеринен берилди.

“Жалалабатэлектро” ААКтын электр тармактарына кошуу аземи Жазы-Кечүү айылындагы М.Чайбылов атындагы орто мектепте Билим күнүнө арналган символдук коңгуроодон кийин болуп өттү. Аталган калктуу конуштагы бардык үйлөр электр энергиясын эсепке алуу боюнча жекече алеттер менен камсыздалып, электр менен жабдууга кошулду.

Салтанаттуу иш-чарага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Базар-Коргон районунун Акими Бакыт Козуев, Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров, “Жалалабатэлектро” ААКтын башкы директору Дурусбек Рахманов, ошондой эле тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41