KELECHEK
rek

Орусия Кыргызстан, Казакстан жана Беларус менен аба каттамдарын жандантат

Орусия Кыргызстан, Казакстан жана Беларус менен аба каттамдарын жандантат

21-сентябрдан тарып Орусия Кыргызстан, Казакстан, Беларус жана Түштүк Корея менен аба каттамдарын жандантат. Тиешелүү буйрукка Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгонун орус өкмөтүнүн расмий сайты кабарлады.

Орусиянын Коронавирустун алдын алуу боюнча ыкчам штабынын 18-сентябрдагы чечимине ылайык, 21-сентябрдан тартып Москвадан Бишкекке, Нур-Султанга, Минскиге, ал эми 27-сентябрдан тартып Сеулга жумасына бир жолу учак каттамакчы.

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев буга чейин Кыргызстан Орусия тарапка аба каттамдарын жандантуу боюнча сунуш бергенин, ал колдоо тапса туруктуу каттамдар ачыларын айткан.

Пандемия башталгандан кийин, 20-марттан тартып Кыргызстан эл аралык жана ички каттамдарын токтоткон. Марттан августка чейинки аралыкта Орусиядан 153 чартердик каттам уюштурулуп, 27 296 кыргызстандык жаран жеткирилген.

20-сентябрдан тартып Алматы-Бишкек-Алматы багытындагы каттам жүргүзүлө баштаары кабарланган. Ал аптасына эки жолу: шейшемби жана жекшемби күндөрү болот.

Август, сентябрь айларында Кыргызстан Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Өзбекстан менен туруктуу аба каттамдарын ишке киргизген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38