KELECHEK
rek

Ала-Букада келиндин өлүмү «Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча иликтенүүдө

Ала-Букада келиндин өлүмү «Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча иликтенүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Ала-Букада милиция 33 жаштагы келиндин өлүмүн Жазык кодексинин «Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү» деген беренесинин негизинде иликтеп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Шеркул Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, маркумдун сөөгү экспертизадан өткөрүлгөн, азырынча жыйынтык чыга элек. Окуя Баймак айылында 23-сентябрда эртең менен болгон. Келиндин асынган сөөгү сарайдан табылган.

«Үйүнүн короосунда пресс жипке асынып алгандыгы жөнүндө маалымат милицияга келип түшкөн, - деди облустук милициянын өкүлү. - Ыкчам тергөө тобу барып, материалдар чогултулган жана Ала-Бука райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган».

Окуянын чоо-жайы тууралуу маркумдун күйөөсү менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Келиндин кайын журту ал өз жанын өзү кыйганын айтып жатат.

Ал эми маркумдун төркүнү окуяга күйөөсүнүн зомбулугу себеп болду деп арызданууда. Анын таэжеси Пайзи Абдисаматова «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кечинде телефон чалып, күйөөсү ур-токмокко алып жатканын айткан жана арачага түшүүгө чакырган.

15 жыл чогуу жашаган жубайлар төрт кыздуу болушкан – улуусу 15те, кенжеси бир жашар ымыркай.

Укук коргоочулар Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн айтып жатышат. Быйыл 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. 

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...