KELECHEK
rek

БУУнун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы жаңжалды токтотууга чакырды

БУУнун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы жаңжалды токтотууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди тезинен токтотууга жана маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды. Бул тууралуу Deutsche Welle кабарлады.

Билдирүүдө БУУ ири масштабдагы согуштук аракеттер тууралуу маалыматтарга тынчсызданып жатканы жана зомбулукту айыптай турганы айтылган. Коопсуздук кеңешине мүчө 15 өлкө Армения менен Азербайжанды ЕККУнун Минск тобунун алкагында сүйлөшүүгө үндөөдө. Топ 1992-жылы Тоолуу Карабактагы жаңжалды тынч жол менен чечүү жолдорун издөө максатында түзүлгөн.

Мунун алдында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян аскердик жардам алуу тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшпөгөнүн билдирген. Анын айтымында, Москва бул жаңжалда бейтарап позицияны карманууда. Пашинян армян тарап азырынча өлкөдөгү 102-орус аскер базасын колдонууга муктаж эмес экенин да белгилеген.

Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялаган.

Тоолуу Карабак администрациясы 86 жоокеринин өлгөнүн билдирди. Карапайым кишилердин арасында да мерт болгондор бар. Азербайжан өз армиясындагы жоготуулар жөнүндө маалымат бере элек. Ошол эле маалда Баку жай тургандар арасында 30дай киши жабыр тартканын билдирүүдө.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...