KELECHEK
rek

Тоолуу Карабакта тараптардын атышуусу уланууда

Тоолуу Карабакта тараптардын атышуусу уланууда

Баку Армениянын Куралдуу күчтөрү Азербайжандын Физули районундагы Горадиз шаарын аткылаганын билдирди.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы тараткан билдирүүгө ылайык, Армениянын снаряды Горадиз шаарындагы май куюу станциясына жакын жерде жарылды. Андан бир киши каза болуп, дагы үчөө жаракат алды. Мекемеден шаршемби күнү өлкөнүн Тертер району да артиллериялык аткылоого кабылганын кошумчалашты.

Азырынча Армения бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышуулар төрт күндөн бери уланууда. Баку менен Ереван аймактагы абалдын курчуп кетишине бири-бирин айыптап жатышат. 27-сентябрь күнү эртең менен башталган атышуудан ондогон киши каза болуп, көп адам жаракат алды. Алардын арасында жай тургундар да бар.

Күн мурун Ереван Армениянын Варденис району, Баку Азербайжандын Дашкесан району аткылоого кабылганын маалымдашкан. Армян бийлиги мындан тышкары Түркиянын F-16 учагы Армениянын Су-25 учагын атып түшүргөнүн, учкуч каза болгонун билдирген. Расмий Анкара бул маалыматты четке каккан.

29-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы абалды чукул талкуулап, уюмдун баш катчысы Антонио Гутерриштин атышууну тезинен токтотуу боюнча чакырыгын колдоду. БУУ аймактагы абалды жөнгө салыш үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.

Бирок Азербайжан менен Армениянын жетекчилиги тынч сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча сунушту четке кагып, бири-бирин чатактын ырбашы үчүн айыптап жатышат.

Азербайжан менен Армения 1980-жылдардын аягынан бери Тоолуу Карабак үчүн тирешип келет. Азербайжандын аймагында болуп, негизинен армяндар жашаган бул аймак өз алдынча бөлүнүп чыкканын жарыя кылган. Дүйнөлүк коомчулук тааныбаган аймакта соңку 30 жылда бир нече жолу куралдуу кагылыштар болгон.

Акыркы жолу 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялап, соңку кагылышты согуш деп аташты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52