KELECHEK
rek

«Свобода» радиосунун үн жардамчысы пайда болду

«Свобода» радиосунун үн жардамчысы пайда болду

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматынын («Свобода» радиосу) уктуруулары Mail.ru Group компаниясы иштеп чыккан «Маруся» аттуу үн жардамчысынын аркасы менен мурдагыдан да жеткиликтүү болуп калды.

Актриса Елена Соловьеванын үн коштоосундагы «Маруся» программасы тиркеме катары IOS жана Android платформаларында, ошондой эле «Капсула» деген акылдуу колонкаларда сунушталат. Анын жардамы менен «Свобода» радиосунун түз эфирине «Маруся, «Свобода» радиосун жандыр!» деген команда аркылуу туташууга болот.

Бүгүнкү күндө «Свобода» радиосун коомдук-саясий, эл аралык, маданий тематикалар боюнча интернетте күнү-түнү угууга болот. Мындан тышкары анын эфири Орусияда кечкисин 1386 кГц жыштыгында жеткиликтүү.

Виртуалдык жардамчы «Маруся» мобилдик байланыш базарында 2019-жылы пайда болгон. Бул программалык агент колдонуучу мобилдик түзмөккө киргизген же түрдүү интернет-ресурстардан алынган маалыматтардын негизинде командаларды аткарат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...