KELECHEK
rek

Боронов 2-6-класстардын мектептерде окуу шартын түшүндүрдү

Боронов 2-6-класстардын мектептерде окуу шартын түшүндүрдү

Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 1-октябрдагы брифингде 2-6-класстардын окуучуларынын мектепке барып окуусу тууралуу чечим атайын алгоритмдин негизинде кабыл алынганын билдирди.

Анын айтымында, мектептерде бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так сактылышы керек. Коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн окуучулар жана мугалимдер беткап тагынып, мектептер тазалоочу каражаттар менен камсыз болушу, аралыктын сакталышы, окуучулардын ден соолугу күн сайын текшерилиши шарт.

"Биринчи класстар буга чейин белгиленген алгоритминдин негизинде окуп жаткан. Ошондуктан азыркы чечим менен 2-6-класстарга тиешелүү. Алар үчүн окуу башталат. Калган класстар азырынча онлайн режимде окуп турушат".

Бороновдун маалыматына караганда, Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрликтери биргеликте иштеп чыккан алгоритмге ылайык, мектептерде окуу окуучулардын санына жараша болот. Эгерде окуучулардын саны 200гө чейин болсо окуу бекитилген жадыбал менен жүргүзүлөт. Балдардын саны 200дөн 500гө чейин болсо, кезектешүү аркылуу, 500дөн ашык окуучусу бар мектептер 2 сааттан кем эмес аралык менен кезектешип окуйт.

“Турмуш-тиричилик коопсуздугу”, “Мекен таануу”, “Адеп”, “Дене тарбия” сабактарын таза абада өткөрүү сунуш кылынды. 500дөн көп окуучу бар жана шарты жок мектептерде табигый-так илимдер багытындагы сабактар кадимкидей окутулат. Гуманитардык сабактар аралыктан окутулууга тийиш.

Мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Ата-энелер менен башка адамдар имаратка киргизилбейт.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штаб 30-сентябрдагы жыйынында 6-октябрдан тартып 2-6-класстардын окуучуларына мектепке барып билим алууга уруксат берген.

Учурда биринчи класстын балдары гана мектепке барып окуп жатышат.

Андан башка класстардын окуучулары жана жогорку окуу жайларынын, орто билим берүү мекемелеринин студенттери азырынча онлайн окууну улантышат. Алардын окуусу кийинки этаптарда каралат.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл окуу жылы аралыктан аяктаган. Бала бакчалардын иши 23-марттан тартып токтотулган.

Сентябрдын башында менчик бала бакчаларга гана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун макулдугу менен иштөөгө уруксат берилген. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30