KELECHEK
rek

Аксы: Акимчиликтин аппарат башчысы административдик ресурс колдонууга шектелүүдө

Аксы: Акимчиликтин аппарат башчысы административдик ресурс колдонууга шектелүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы шайлоочулардын добушун сатып алууга аралашкан деп шектелүүдө. Башкы прокуратура 1-октябрда маалымдагандай, райондук прокуратура Жазык кодексинин “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү жүргүзө баштады.

Буга Интернетке “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерине байланыштуу чыккан видео себеп болгону маалымдалды. Видеодо Аксы райондук Жол эксплуатациялоо башкармалыгынын башчысы жана райондук акимчиликтин аппарат башчысы түн ичинде кызматтык машинада добуш сатып алуу менен алектенип жүргөнүн көрүүгө болору белгиленди.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Ал эми Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев аппарат башчысы ишин улантып жатканын, ички кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн “Азаттыкка” айтып берди:

“Иликтөө жүрүп жатат. Ал өзү тууганчылык жайы боюнча эле барганын айтты. Органдардын териштирүүсү болуп жатат. Биз ички кызматтык териштирүү жүргүздүк, бирок факт менен тактай албай жатабыз”.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Ага 16 партиядан эки миңдей партия катышууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 26-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде шайлоону калыс өткөрүүгө өзү умтуларын айтып, эки жолу күч менен бийлик алмашкан окуя бийликке сабак болушу керек экенин билдирген. 2019-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30 жылдыгына карата иш-чарада “Шайлоочулардын добушун сатып алууга же административдик ресурс колдонууга катуу бөгөт коюлушу керек. Элдин ишеними болгондо гана шайлоо системасы натыйжалуу болот” деп айткан.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41