KELECHEK
rek

Өлкөдө жыл аягына чейин 60 мектептин курулушу жана капиталдык ремонту бүтөт

Өлкөдө жыл аягына чейин 60 мектептин курулушу жана капиталдык ремонту бүтөт

2020-жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан 60 мектептин курулушу жана капиталдык ремонту аягына чыгат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 1-октябрдагы брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттин эсебинен 53 мектеп курулууда. Алардын ичинен 14ү коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгында кайтарылган каражаттардын эсебинен бүткөрүлдү. Дагы 4 объектини Саудия өнүктүрүү фонду каржылады.

«2020-жылы 97 мектеп үчүн мамлекеттик бюджеттен 958 млн сом каралган, анын ичинен 748 млн сому бөлүндү. 110 млн сом Бирдиктүү депозит эсебинен алынып, 3 объектини чыгымдары толугу менен төлөндү. Бул 1,5-2 миңге чейин окуучулар окуй турган өтө чоң мектептер. Дагы Саудия өнүктүрүү фондунун 30 млн сомуна мектептер салынып жатат», - деди Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 5-октябрда шайлоодон кийин мектептер толук дезинфекция болуп, 6-октябрдан тарта 2-6-класстын окуучулары да окуй баштарын да билдирди.

Ал мугалимдер жана окуучулар санитардык талаптарды сактоого милдеттендирилип, айрым сабактарды таза абада өткөрүү сунушталганын айтты:

«Сабак өтүүдө бир топ өзгөчөлүктөр болот. Климаттык шарттарды эске алуу менен турмуш-тиричилик коопсуздугу, мекен таануу, адеп, дене тарбия сабактарын таза абада өткөрүү сунушталат. Бир нече тыюу салуулар бар, мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилбейт, ата-энелер менен башка адамдарга мектепке кирүүгө болбойт. Мектептерге, класстарга жана окуу процессине аралашкан бардык жайларга тазалоо иштери боюнча бир нече талаптар коюлду. Бөлмөнү убагында желдетип туруу, дезинфекциялоочу каражаттар менен күнүгө эки ирет классты жууп чыгуу сыяктуу иштер».

Өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу 16-мартан баштап окуу жайларда карантин жарыяланып, студенттер менен окуучулар онлайн билим ала башташкан. Сентябрда 1-класстын окуучулары гана мектепке барышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30