KELECHEK
rek

АКШ бийлик органдарынын системаларына хакердик чабуул болгонун билдирди

АКШ бийлик органдарынын системаларына хакердик чабуул болгонун билдирди

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги менен Киберкоопсуздук жана инфраструктура коопсуздугу боюнча агенттиги өлкөнүн бийлик органдарынын системаларына, ошондой эле авиациялык өнөр жай тармагына байланышы бар серверлерге хакердик чабуул жасалганын билдиришти.

Федералдык мекемелердин маалыматына караганда, кеминде бир жолу жасалган чабуулдун жыйынтыгында хакерлер тобу сыр сөздөргө, IT-инструкцияларга, сатуу-сатып алуу тууралуу жана башка маалыматтарга ээ болушкан.

Атайын кызмат өкүлдөрүнүн билдиришинче, түйүндөрдү бузуп кирүү аракети — АКШда жүрүп жаткан президенттик шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүгө багытталган.

Азырынча орусиялык хакерлер добуштарды эсептөөгө түздөн түз таасир эткендиги же каттоого алынган шайлоочулардын маалыматтарын алгандыгы боюнча далилдер жок. Хакерлер компьютердик түйүндөргө кирип, бирок «андан ары эч кандай аракеттерге барышкан эмес».

Түйүндөрдү бузуп киргенден кийин хакерлер сайттардын ишин үзгүлтүккө учуратуу жана купуя маалыматтарды жарыялоо үчүн жергиликтүү компьютердик түйүндөр тууралуу маалыматтарды колдонушу мүмкүн. Өз кезегинде бул шайлоочуларда шайлоо жыйынтыктарынын ачык-айкындуулугуна байланыштуу күмөн ойлорду жаратышы ыктымал. Буга чейин президент Дональд Трамп атаандашы Жо Байден шайлоодо алдамчылык жол менен гана жеңишке жетиши мүмкүн экенин айткан.

Америкалык басылмалардын маалыматына караганда, кеп Орусиянын бийлиги колдогон Energetic Bear деген хакердик топ жөнүндө болууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52