KELECHEK
rek

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын бөлүм башчысы вагондорду сатууга шектелип кармалды

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын бөлүм башчысы вагондорду сатууга шектелип кармалды

Мыйзамсыз талкаланып, сатылган деп шектелип жаткан темир жол вагондору. Финансы полициясы берген сүрөт.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысы (Дж.К.) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 29-октябрда (Финансы полициясы) кабарлады.

Анда айтылгандай, тергөө учурунда «Кыргыз темир жолунун» жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу үчүн тиешелүү уруксат кагаздары жок, темир жол вагондорун мыйзамсыз талкалап салышкан. Натыйжада бюджеттен ири көлөмдө зыян келтирилген.

Каржы полициясы билдиргендей, көрсөтүлгөн вагондор мамлекеттик ишкананын балансында турган. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө» жобого ылайык, вагондорду бузуу Мүлк фондунун адисинин катышуусу менен өтүшү керек болчу. Фонд берген жоопко ылайык, эч кандай уруксат кагаздары берилген эмес.

Каржы полициясынын маалыматына караганда аталган факт боюнча иликтөө иштери уланууда. Чыгымдын так суммасы эсептелип жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган жарандын бөгөт чарасы 29-октябрда каралмакчы.

Кылмышка шектүү катары кармалган Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысынын аты-жөнү аталган эмес. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын сайтында бул кызматты "Кыргыз темир жолу" Джетенбаев Канат аркалаары көрсөтүлгөн. Кылмышка шектелип кармалды деп айтылып жаткан кызматкердин тараптары жана жактоочулары эч кандай комментарий бере элек.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...