KELECHEK
rek

ТИМ өнөктөш мамлекеттерден жана уюмдардан өлкө үчүн жардам сурап жатат

ТИМ өнөктөш мамлекеттерден жана уюмдардан өлкө үчүн жардам сурап жатат

Кыргызстан өнөктөш өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардан жардам сурап жатат. Бул тууралуу 28-октябрда «Азаттыкка» тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Министрдин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги маселелер – коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна каршы күрөшүүгө, президенттик, парламенттик шайлоо менен конституциялык реформаны өткөрүүгө, эң негизгиси - бюджеттеги 35-50 миллиард сомго чейин жетиши ыктымал болуп жаткан тартыштыкты жоюуга жардам суралууда.

Казакбаев бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанга эл аралык уюмдардан жардамды токтотуу жөнүндө кандайдыр бир расмий документ келбегенин айтты.

Анын айтымында, өнөктөш өлкөлөр жана Кыргызстан менен кызматташкан эл аралык уюмдар азыркы учурда ички саясий окуяларга байкоо жүргүзүп жатышат.

«Азыр дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандагы шайлоодон кийинки саясий окуядан соң түзүлгөн кырдаалга өзгөчө кунт коюп карап турат. Көптөгөн суроолор болуп жатат, аларга жооп берип жатабыз. Долбоорлорду токтотуу тууралуу расмий кагаз ала элекпиз. Мен элчилер менен жолукканда да алар тынчсыздануусун билдирип, бирок долбоорлорду токтотуу маселеси жок экенин айтып жатышат», - деди ал.

Казакбаев Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, АКШ жана Евробиримдикке кирген негизги донор өлкөлөр - Германия, Англия сыяктуу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бүгүн иш сапары менен Казакстанга барарын айтты.

27-октябрда Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстанга санариптешүүгө бөлө турган алты миллион евро каражатын 2021-жылга калтырганын уюмдун өкүлчүлүгү кабарлаган. 19-октябрда министр Казакбаев Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргызстандын бюджетин колдоого жардам сураган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38