KELECHEK
rek

АКШ Европага гиперүндүү ракета жайгаштырууга даяр экенин билдирди

АКШ Европага гиперүндүү ракета жайгаштырууга даяр экенин билдирди

Роберт О'Брайен

Кошмо Штаттар Европага орто жана кыска аралыктагы гиперүндүү ракеталарды жайгаштырууга даяр. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Роберт О'Брайен билдирди.

Анын айтымында, Индия-Тынч океан аймагында Кытайдын күчтөрүн токтотуу үчүн Вашингтон дал ушундай кадамга барууга даяр. Бул тууралуу “Америка үнү” жазды.

Буга чейин Пентагон Кошмо Штаттар гиперүндүү канаттуу ракеталарды даярдап жатканы жана аларды аскердик-деңиз күчтөрүнүн учактары аркылуу кое берсе боло турганын маалымдаган.

Күн мурун Орусиянын президенти Владимир Путин өз аймагынын Европа бөлүгүнө 9М729 ракеталарын жайгаштыруудан баш тартууга даяр экенин айткан. Кошмо Штаттар менен алардын союздаштарынын пикиринде, бул ракеталардын параметрлери АКШ менен Орусиянын орто жана кыска аралыктагы ракеталар жөнүндөгү келишимине дал келбейт. Документке 1987-жылы кол коюлган. Тараптар жерде жайгашкан орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жоюу боюнча макулдашкан. 9М729 ракетасынын айынан АКШ 2019-жылы августта келишимден чыгып кеткен.

Эки өлкө ортосундагы өзөктүк куралдануу боюнча акыркы ири келишимдердин бири болгон стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жөнүндөгү (СНВ-3) макулдашуунун мөөнөтү келерки жылы февралда аяктайт. Дональд Трамптын администрациясы өзөктүк куралданууну чектөө жөнүндө келишимге Кытай да кириши зарыл деген шарт койгон. Орусия буга макул болгон эмес.

Жакында АКШнын куралды көзөмөлдөө боюнча атайын чабарманы Маршалл Биллингсли Вашингтон президенттик шайлоо алдында бул келишимди жогорудагы шартсыз эле узартууга даяр экенин маалымдаган. Америкалык дипломат АКШ менен Орусия келишимди узартуу жөнүндө принципиалдуу макулдашууга жетишкенин айткан. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын сунушу Москва үчүн ылайыксыз экенин билдирип, принципиалдуу макулдашуу жөнүндөгү сөздү четке каккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52